KELECHEK

Өзбекстанда наабайчыны сабаган милиция кызматкери иштен алынды

Өзбекстанда наабайчыны сабаган милиция кызматкери иштен алынды

Самарканд облусунун Ургут районунда наабайчыны сабаган милициянын лейтенанты ички иштер органдарынан кетирилип, анын аракеттери боюнча тергөө иштери башталды.

Ургун райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, окуя бир жума мурда «Гус» айылында болгон.

– Милиция кызматкери түңкү саат экиде наабайчы менен кыз бекинип отурган наабайканага кирип барган. Буга чейин инспекторго анда бузуку иштер болуп жатканы тууралуу кабар түшкөн. РИИБинин лейтенанты жаштыгы жана тажрыйбасыздыгынан улам наабайчыга кол көтөргөн. Бул окуя тууралуу белгилүү болору менен ал жумуштан алынып, ага карата тергөө иштери башталды, – деп билдиришти мекемеден.

Айылдагы активисттердин бири «Азаттыктын» өзбек кызматына алты мүнөттүк видео жөнөттү. Анда эки милиция кызматкери жергиликтүү тургундардын курчоосунда наабайканага кирип барган учуру тартылган.

Алардын бири 30 жаштагы наабайчыны нан жасаган жерде бузуку иштерди жасоого айыптап, уруп жана тепкилеген.

Күбөлөрдүн айтымдарында, наабайчы менен жанындагы кыз тергөө абагына жеткирилип, эртеси эртең менен бошотулган.

РИИБ жетекчилеринин бири кармалгандардын аракетинде кылмыштын белгилери болбогонун айтты. "Милиция кызматкери кызмат абалын кыянат пайдалангандыгы үчүн жазаланды. Мындан ары мындай окуялардын болушуна жол бербөө максатында учурда жеке курамдын ичинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө», — деди ал.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Парламент мигранттар үчүн талаптарды катаалдата турган мыйзам...

Парламент мигранттар үчүн талаптарды катаалдата турган мыйзам...

Парламент чет өлкөлүк мигранттар үчүн талаптарды...

УКУК 2019-01-18  01:36

Денис Тендин апасы уулунун өлүмүн кайра иликтөөнү талап кылууда

Денис Тендин апасы уулунун өлүмүн кайра иликтөөнү талап кылууда

Алматыда көркөм муз тебүү чебери Денис Тендин...

УКУК 2019-01-17  15:00

Өзбекстан ID-картага өтүүнү 2021-жылга калтырды

Өзбекстан ID-картага өтүүнү 2021-жылга калтырды

Өзбекстандын жалпы жарандык паспорту

Өзбекстан жалпы жарандык паспорттордун ордуна...

УКУК 2019-01-17  15:13

Конституциядан орус тилинин расмий макамын алып салуу сунушталууда

Конституциядан орус тилинин расмий макамын алып салуу сунушталууда

Кыргызстанда орус тилинин расмий макамын жоюш үчүн референдум...

УКУК 2019-01-16  16:24

Өзбекстанда мугалимдерди мажбурлап иштетүүгө тыюу салынат

Өзбекстанда мугалимдерди мажбурлап иштетүүгө тыюу салынат

Жакында Өзбекстанда мыйзам деңгээлинде мугалимдерди мажбурлап...

УКУК 2019-01-15  14:02

Ысык-Көлдө көрүстөндөгү вандализм иликтенүүдө

Ысык-Көлдө көрүстөндөгү вандализм иликтенүүдө

Кладбище в Ананьево

Ананьево айылындагы православ...

УКУК 2019-01-14  13:22

Өзбекстанда аскер кызматкерлеринин балдары үчүн ЖОЖдордо 700дөн ашык...

Өзбекстанда аскер кызматкерлеринин балдары үчүн ЖОЖдордо 700дөн ашык...

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев

Быйыл Өзбекстанда аскер...

УКУК 2019-01-14  13:39