KELECHEK

Тажикстанда милициянын капитаны тапанчасы менен аялын өлтүргөн

Тажикстанда милициянын капитаны тапанчасы менен аялын өлтүргөн

Тажикстанда Вахш районунун тургуну Турсунай Аминованы жергиликтүү милиция бөлүмүндө иштеген күйөөсү өлтүргөн. Хатлон облустук прокуратурасынан билдиришкендей, ал аялын табелдик куралы менен эки жолу аткан.

Окуя 8-сентябрдан 9-сентябрга оогон түнү болгон. Милициянын капитаны Набижон Аминжонов Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чаралар аяктагандан кийин үйүнө келип, ортодогу чырдан улам аялын тапанча менен атып жиберген. Турсунай Аминова ошол жерде жан берген. Күйөөсү мындай кадамга эрезеге жете элек эки баласынын көзүнчө барганы айтылууда.

Бирок адвокаттын айтымында, Набижон Аминжонов айыптоолорду четке кагууда. «Мен жактоого алган адам тапанчанын үнүн аялынан он метрдей алыстагандан кийин укканын айтып жатат. Ал келип аялы өлүп жатканын көргөн. Ал маалда үйдө балдары жок болгонун дагы айтууда», — деди адвокат.

Аминжонов учурда тергөө абагында камакта. Ага каршы «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Өз булактардын маалыматына караганда, бул окуядан кийин жергиликтүү милиция бөлүмүнүн башчысы Рустам Ахмадзода иштен алынган.

Турсунай Аминова жергиликтүү мектепте тажик тили жана адабияты мугалими болчуп иштечү. Коңшулары буга чейин жубайлар ортосунда жаңжалдар болгонун билдиришүүдө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ферганада эки ишкер 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталууда

Ферганада эки ишкер 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталууда

Фергана облусунда райондук сот автоунаа жуучу жайда жашы жете элек кыздын зордукталышы боюнча кылмыш...

Өзбекстанда «мугалими кемсинткен» окуучу өз жанын кыйды

Өзбекстанда «мугалими кемсинткен» окуучу өз жанын кыйды

Өзбекстандын Бешкент шаарындагы №63 мектептин 8-классынын окуучусу Мирафзал Абдурашидов өз...

Алматы — Ташкент унаа жолунда автобус аткыланды

Алматы — Ташкент унаа жолунда автобус аткыланды

Алматы – Ташкент автожолунда жүргүнчү...

БУУ: Тажикстан сойкулук үчүн каралган жазаны жоюушу керек

БУУ: Тажикстан сойкулук үчүн каралган жазаны жоюушу керек

Милициянын рейди учурунда кармалган сойкулар. Архив сүрөт

БУУнун аялдарды...

Тажикстанда мурдагы аялын өлтүргөн генералдын уулу 18 жылга соттолду

Тажикстанда мурдагы аялын өлтүргөн генералдын уулу 18 жылга соттолду

Душанбе шаардык соту мурдагы аялын мыкаачылык менен...

Ташкентте бир үй-бүлөдө төрт бала газга ууланып мерт болду

Ташкентте бир үй-бүлөдө төрт бала газга ууланып мерт болду

Ташкенттин Чиланзар районунда 6дан 22 жашка чейинки төрт бала газга ууланып каза...