KELECHEK

Орусияда өзбекстандык төрт жаштагы баласын өрттөп жиберди

Орусияда өзбекстандык төрт жаштагы баласын өрттөп жиберди

Челябинск облстук соту 30-октябрда төрт жаштар баласын тирүүлөй өрттөп, өзүн жана чогуу жашаган түгөйүн өлтүрүүгө аракет кылган өзбекстандык кишиге карата өкүм чыгарды.

Маалыматтарга караганда, 31 жаштагы Бахром Дадаханов жарандык никедеги аялы менен урушуп кетип, короодо токтоп турган автоунаадан бензин куюп алып, майды өзүнө жана үйдүн ичине чачып, ширеңке тутанткан. Өрт чыккан соң Дадаханов түгөйү менен тышка чыгууга үлгүргөн, бирок баласы үйдүн ичинде калып, мерт болгон.

Алдын ала тергөө маалында Дадаханов өрт үчүн күнөөнү башка адамдарга арта салууга аракет жасаган. Бирок анын версиясы четке кагылып, өзбекстандык жаранга карата айыптоочу өкүм чыккан.

Бахром Дадаханов 19 жылга эркинен ажыратылды, ал жазасын катаал режимдеги колонияда өтөйт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Өлкөдө паспорт тендери боюнча үч аткаминер кармалды

Өлкөдө паспорт тендери боюнча үч аткаминер кармалды

Мамлекеттик каттоо кызматынын (Мамкаттоо) жетекчилиги электрондук паспортко бланктарды сатып...

Түркмөнстандын ири шаарларын суу каптады

Түркмөнстандын ири шаарларын суу каптады

Акыркы жумада тынымсыз нөшөрлөп жааган...

Нотр-Дам чиркөөсүндөгү өрт өчүрүлдү

Нотр-Дам чиркөөсүндөгү өрт өчүрүлдү

Париждеги Нотр-Дам чиркөөсү тогуз саатка созулган...

Акыркы чейрек кылымда дагы бир өзбекстандык

Акыркы чейрек кылымда дагы бир өзбекстандык "мыйзамдагы ууру" наамын...

12-апрелде Стамбул шаарынын Фатих районунда өткөн кылмыштуу...

Велотуристтерге кол салууну уюштурган кишинин аялы Ирак түрмөсүндө...

Велотуристтерге кол салууну уюштурган кишинин аялы Ирак түрмөсүндө...

Кори Носир

Тажикстандын атайын кызматтары Душанбе-Дангара трассасында чет...