KELECHEK

ММК жөнүндөгү чырлуу мыйзам долбоорун чакыртып алуу талабы коюлду

ММК жөнүндөгү чырлуу мыйзам долбоорун чакыртып алуу талабы коюлду

Бишкекте "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр боюнча талкуу болду. Анда бул демилге кескин сынга алынып, журналисттер, медиа уюмдардын жетекчилери, жарандык активисттер депутаттардан аталган мыйзам долбоорун артка кайтарып, чакыртып алууну талап кылышты.

Сунушталган өзгөртүүлөргө каршы резолюция кабыл алынды.

Жыйынга мыйзам долбоорунун демилгечилери, парламенттеги фракциялардын жетекчилери, комитеттердин өкүлдөрү да чакырылган. Бирок мыйзам долбоорунун демилгечилери, фракция жетекчилери отурумга келген эмес. Депутаттардан КСДП фракциясынан өкүлү Жанар Акаев гана катышып, өзгөртүүлөрдү колдобой турганын билдирди.

Эл өкүлдөрү Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, Жыргалбек Турускулов жана Табылды Тиллаев сунуштаган документке ылайык, жалпыга маалымдоо каражатын негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук жактар, Кыргызстан жарандары гана акылуу. Чет жактан каржыланган маалымат каражаттарына сырттан келүүчү акчанын көлөмү 20 пайыздан ашпоосу керек деген эреже да жазылган. Бул cунуш сөз эркиндигин чектейт деген катуу сынга алынууда.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад ОИИБде ЖККУнун төш белгиси тапшырылды

Жалал-Абад ОИИБде ЖККУнун төш белгиси тапшырылды

Бүгүн 4-ноябрда, Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) тарабынан өткөрүлгөн “Нерушимое братство...

УКУК 2019-11-04  12:47

Сот Икрамжан Илмияновду жети жылга кести

Сот Икрамжан Илмияновду жети жылга кести

Икрамжан Илмиянов.

Бишкектин Октябрь райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин...

УКУК 2019-10-31  12:57

Исаков сотко келүүдөн баш тартса, күч менен алып келинет

Исаков сотко келүүдөн баш тартса, күч менен алып келинет

УКМКнын Тергөө абагындагы камактагы мурдагы...

УКУК 2019-10-28  14:27

Казакстанда 30дай киши кармалды

Казакстанда 30дай киши кармалды

Казакстандын борбору Нур-Султанда уруксат берилбеген митингге катышуу айыбы менен 26 киши кармалды....

УКУК 2019-10-28  14:37

Тажикстан президенти 20 миң кишиге мунапыс жарыялады

Тажикстан президенти 20 миң кишиге мунапыс жарыялады

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 20 миңден ашуун...

УКУК 2019-10-28  14:46

Сот Kyrgyztoday сайтын Келдибековго 30 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди

Сот Kyrgyztoday сайтын Келдибековго 30 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди

Бишкектин Биринчи май райондук соту Kyrgyztoday сайтын парламенттин мурдагы спикери Акматбек Келдибековго...

УКУК 2019-10-28  16:32

Казакстанда мурда акталган сот кайрадан соттолду

Казакстанда мурда акталган сот кайрадан соттолду

Алматы шаардык соту “пара алууну көздөө жана...

УКУК 2019-10-24  13:55