KELECHEK

Актөбөдөгү автобус кырсыгы: айыпталуучулар үчүн катаал жаза талап кылынууда

Актөбөдөгү автобус кырсыгы: айыпталуучулар үчүн катаал жаза талап кылынууда

Шейшемби күнү 52 өзбек жаранынын өлүмүнө алып келген Самара — Шымкент унаа жолундагы автобус кырсыгы боюнча сотто тараптардын жарыш сөзү болду. Анда каза болгондордун туугандары айыпталуучуларга карата катаал жаза талап кылышты.

Прокурор соттон автобустун айдоочуларын күнөөлүү деп таап, ар бирин беш жылдан, механик менен автобуска ээлик кылган фирманын негиздөөчүсүн жети жылдан жатак абагына кесүүнү сурады.

Өз кезегинде айыпталуучулар күнөөлөрү жок экенин айтып, соттон аларды актоону суранышты. Алар кырсык автобустун ичин каңдагыч лампа менен жылытууга аракет кылган жүргүнчүлөрдүн айынан болгонун айтышууда.

Жарыш сөзгө видеобайланыш аркылуу катышкан каза болгон жүргүнчүлөрдүн туугандары айыпталуучуларга карата катаал жаза талап кылышууда. Алардын айтымдарында, айдоочулар, механик жана фирманын жетекчиси адамдар жөнүндө эмес, акча жөнүндө гана ойлонушкан.

Өзбекстан жарандары бараткан автобус быйыл 18-январда эртең менен Актөбө облусундагы Иргиз трассасында өрттөнүп кеткен. Анда 52 киши мерт болуп, 5 киши аман калган. Расмий версия боюнча өрт автобустун ичин каңдагыч лампа менен жылытуу учурунда чыккан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Кыргыз-тажик чек арасында кыраакылыкты күчөтүү талабы коюлду

Кыргыз-тажик чек арасында кыраакылыкты күчөтүү талабы коюлду

Тажистандагы соңку окуяларга байланыштуу кыргыз-тажик чек ара...

УКУК 2018-11-13  06:22

Актөбөдөгү автобус кырсыгы боюнча сот өкүмү чыкты

Актөбөдөгү автобус кырсыгы боюнча сот өкүмү чыкты

Актөбө шаарында сот 52 өзбек жаранынын...

УКУК 2018-11-10  04:49

Бишкекте ит уурдаган жаран жазаланды

Бишкекте ит уурдаган жаран жазаланды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту ит уурдаган жаранды жазага тартып, анын үч...

УКУК 2018-11-08  05:50

Алматыда мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулунун соту уланат

Алматыда мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулунун соту уланат

2-ноябрда Казакстанда Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын мурдагы...

УКУК 2018-11-05  21:16

"Кыргызстан" фракциясы Дамирбек Асылбек уулунун сотуна мониторинг...

Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын...

УКУК 2018-11-01  16:58

Тажик-ооган чек арасындагы кол салуу боюнча иликтөө аяктады

Тажик-ооган чек арасындагы кол салуу боюнча иликтөө аяктады

Тажикстанда Чек ара аскер башкармалыгы тажик-ооган чек арасындагы кол салуу фактысы боюнча кызматтык...

УКУК 2018-11-01  17:18