KELECHEK
rek

«Америка үнүнүн» Стамбулда кармалган журналисти бошотулду

«Америка үнүнүн» Стамбулда кармалган журналисти бошотулду

«Америка үнү» радиосунун өзбек кызматынын журналисти Малик Мансур (Абдумалик Бабаев).

 

29-октябрда Стамбулда «Америка үнү» радиосунун өзбек кызматынын журналисти Малик Мансур (Абдумалик Бабаев) өлкөдөн чыкпоо шарты менен камактан чыгарылды. Бул тууралуу 30-октябрда журналист өзү билдирди.

"Кечээ мени «Леванд» абагынан бошотуп, Стамбул полициясынын терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгына жеткиришти. Мен Түркиядан чыкпоо жана полициянын көзөмөлүндө болуу шарты менен бошотулдум", – деди журналист.

Ал ошондой эле сот чечим чыгарганга чейин журналисттик ишмердүүлүк менен алектенүүгө убактылуу тыюу салынганын кошумчалады.

Малик Мансур түрк полициясы тарабынан 28-октябрда, Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугунун алдында өтүп жаткан митингди сүрөткө тартып жатканда кармалган. Мансур анда ондогон журналист жүргөнүнө карабастан, ал жалгыз кармалганын айтууда.

«Америка үнү» радиосунун өзбек кызматынын башчысы Жавдат Сайхан журналисттин кармалышына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. "Ал Түркиядагы өзбекстандыктардын жашоосу тууралуу репортаждарды даярдап жүргөн. Мени Малик Мансурдун «Түркиядагы өзбектер» уюмунун башчысы Адем Чевик «Вашингтон посттун» журналисти Жамаль Хашоггинин өлүмүн айыптап сүйлөп жатканда кармалганы тынчсыздандырууда. Журналисттин бир суткага дагы кармалышы олуттуу окуя болуп эсептелет», — деди Жавдат Сайхан.

«Америка үнүнүн» өзбек редакциясында коомдук кабарчы катары 2002-жылдан бери иштеп келаткан Малик Мансур 2011-жылы Өзбекстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Мекенинде ага каршы «ушакчылык жана өзбек элин кемсинтүү» айыптары менен кылмыш иши козголгон. Андан соң ал Германияда саясий башпаанек алган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53