KELECHEK
rek

Путин менен Трамп 11-ноябрда Парижде жолугушат

Путин менен Трамп 11-ноябрда Парижде жолугушат

Владимир Путин менен Дональд Трамптын жолугушуусу 11-ноябрда Парижде өтөт. Бул тууралуу АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун Москвада Орусия президенти Владимир Путин менен кездешүүсү учурунда маалым болду.

Болтондун айтымында, жолугушуу Биринчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 100 жылдыгына арналган мааракеге туш келет.

Болтон Путиндин кабыл алуусунан чыккандан кийин “Интерфакстын” баш кеңсесинде маалымат жыйынын өткөрдү. Ал АКШ орто жана кыска аралыкта учкан ракеталарды жоюу тууралуу келишимден чыкса, дүйнөгө коркунуч жаралбайбы деген суроого “Орусия ракеталарынын Европа аймагында жайгашуусу кооптуу” деп жооп берди.

АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Москвадагы кеңешмелерде орто жана кыска аралыкка уча турган ракеталарды жоюу тууралуу келишим жана Трамптын андан чыгуу тууралуу чечими кылдат талкууланганын кабарлады.

Ал Москва келишим шарттарын сактабагандыктан, Вашингтон ушундай кадамга барып жатканын баса белгиледи.

Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимге мындан 31 жыл мурда, 1987-жылы ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон. Келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана жерде жайгаштырылуучу канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган. Кытай бул келишимде камтылган эмес.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52