KELECHEK
rek

Sky News: журналист Хашоггинин дене бөлүктөрү табылды

Sky News: журналист Хашоггинин дене бөлүктөрү табылды

Sky News телеканалы өз булактарына таянуу менен Сауд Арабиясынын Стамбулдагы башкы консулунун үйүндөгү бакчадан саудиялык журналист Жамал Хашоггинин денесинин фрагменттери табылганын билдирди.

Sky журналисттин сөөгү бир нече бөлүккө ажыратылып, кебетеси бузулганын белгилеген.

Бул маалымат расмий түрдө тактала элек. Буга чейин түрк медиасы саясатчы Догу Перинчекке шилтеме жасоо менен журналисттин денесинин калдыктары консулдун резиденциясынын кудугунан табылганын кабарлаган. Бул маалымат дагы расмий түрдө тастыкталган эмес.

Сауд Арабиясы бийликти, өзгөчө мураскор ханзаада Мухаммедди кескин сындап келген белгилүү журналист 2-октябрда Стамбулдагы консулдукта өлтүрүлгөнүн ырастаган. Падышалык аскер кызматкерлерин жазалоону убада кылууда. Ошол эле маалда аны жок кылуу боюнча атайын операцияга буйрук берилгенин четке каккан.

Бирок Түркия президенти Режеп Эрдоган саудиялык журналист Жамал Хашоггини өлтүрүү "күн мурунтан" пландалганын, саудиялык агенттер Түркияга журналист өлтүрүлгөндөн бир күн мурун келе башташканын жарыялады. Ал күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырып, бирок сауд бийлигин киши өлтүрүүгө түздөн-түз айыптаган жок.

Батыш өлкөлөрү Эр-Рияддын түшүндүрмөсүнө карабай, журналисттин өлтүрүлүшүн кылдат иликтөөнү талап кылууда. АКШда Сауд Арабия менен өнөктөштүктү кайра карап чыгуу чакырыктары жаңырууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...