KELECHEK

Тажикстандын аймактарында тонналаган түшүм кар алдында калды

Тажикстандын аймактарында тонналаган түшүм кар алдында калды

Тажикстандын бир нече аймагына күтүүсүз кар жаап, дыйкандар түшүмдөрүн жыйноого үлгүрбөй калышты.

Файзабад районунун тургундары 10 күн мурда алма тере башташкан. Бирок кар түшкөнгө чейин болгону 50% гана терүүгө жетишкен.

Жергиликтүү тургундардын бири Тагоймурод Усмонов 17-октябрда кар жаап, коңшу дыйканчылык чарбасында 40-50 тонна алма жыйналбай калганын билдирди. «Картөшкө, буурчак, капуста сыяктуу бардык жер-жемиштер кар алдында калды. Бардык чарбалар чыгымдарын эсептеп жатышат. Мен болжол менен 50-60 миң сомони (6 миң доллардан ашык) чыгым тарттым», - деди ал.

Райондун Калъаи Дашт айылындагы дыйкан чарбалардын биринин төрагасы Насрулло Рахимовдун айтымында, айрым дыйкандар жыйнаган түшүмүн жылуулуп коюуга жетишпегендиктен, алардын көбү үшүп кеткен.

«Биз алма тере баштаганда жаан башталган. Тергендерибизди чогултуп, үстүн жаап койгонбуз. Бирок жаан карга айланып, 15 тоннага жакын алма жоготтук», — деди ал.

Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, Калъаи Дашт айылында эле фермер 2 миң тоннага жакын алманы үшүтүп жиберишти.

​Калың кардан улам бир нече айыл электр жарыгысыз калды. Мындан тышкары айылдарга бара турган жолдордо карт күрткүлөр пайда болду.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажикстанда интернет кымбатташы мүмкүн

Тажикстанда интернет кымбатташы мүмкүн

Тажик бийлиги эл аралык интернет-трафиктин баасын жогорулатуу менен бюджеттин кирешесин...

ЭКОНОМИКА 2019-01-18  03:03

Тажик салыкчылары мессенжер аркылуу чалуунун тарифин көтөрүүнү талап...

Тажик салыкчылары мессенжер аркылуу чалуунун тарифин көтөрүүнү талап...

Тажикстан салык комитети мобилдик байланыш операторлорунан мессенжер аркылуу чалуунун тарифин...

ЭКОНОМИКА 2019-01-17  15:09

Өзбекстан Кыргызстанга жүктөрдүн бардык түрүн ташуу үчүн...

Өзбекстан Кыргызстанга жүктөрдүн бардык түрүн ташуу үчүн...

Ташкентте «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы менен «Узбекистон темир йуллари»...

ЭКОНОМИКА 2019-01-16  17:44

Жалал-Абадда өткөн жылы 362 миллион 374 миң жүргүнчү ташылган

Жалал-Абадда өткөн жылы 362 миллион 374 миң жүргүнчү ташылган

Жалал-Абадда коомдук унааларда жүргүнчүлөрдү тейлөө жыл сайын жакшырып баратат. Бул тууралуу шаар...

ЭКОНОМИКА 2019-01-15  19:10

Жалал-Абад шаарынын мэри:  “БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛЫ КУРУЛУШТАРДЫН КӨЛӨМҮ  ӨТКӨН...

Жалал-Абад шаарынын мэри: “БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛЫ КУРУЛУШТАРДЫН КӨЛӨМҮ ӨТКӨН...

Быйылкы жылы Жалал-Абад шаарында капиталдык курулуштардын көлөмү өткөн жылдагыдан кем болбойт....

ЭКОНОМИКА 2019-01-12  16:43

Өзбекстанда 100 миң сумдук банкнот пайда болот

Өзбекстанда 100 миң сумдук банкнот пайда болот

Учурда Өзбекстанда колдонуудагы эң чоң банкнот 50 миң сум.

Өзбекстанда «Нооруз»...

ЭКОНОМИКА 2019-01-12  17:08

Тажикстандын Улуттук банкы калкты темир тыйын чогултпоого чакырды

Тажикстандын Улуттук банкы калкты темир тыйын чогултпоого чакырды

Тажикстандын Улуттук банкы өлкө жарандарын металл дирамдарды -...

ЭКОНОМИКА 2019-01-10  10:59