KELECHEK

Керчтеги кол салуудан өлгөндөрдүн саны 20га жетти

Керчтеги кол салуудан өлгөндөрдүн саны 20га жетти

Керч политехникалык коллежиндеги кол салуудан каза болгондордун саны 20 кишиге жетти. Бул тууралуу шаар администрациясы билдириди. Бардык маркумдардын тек-жайы аныкталды.

Орусия Украинадан аннексиялап алган Крымдын өкмөтү жарыялаган тизмеде өлгөндөрдүн арасында 15 окуучу, анын ичинде кол салган бала да бар, дагы бешөө – коллеждин кызматкерлери.

Акыркы маалыматтарга караганда, 70 киши жабыркады, жарадар болгон 10 киши реанимацияда жатат, бешөө комада. Бул тууралуу Орусиянын саламаттык сактоо министри Вероника Скворцова маалымдады.

17-октябрда ошол эле окуу жайынын студенти, 18 жаштагы Владислав Росляков аңчылык мылтыктан туш келди ок атып, колго жасалган жардыруучу жабдыкты ишке келтирген. Андан кийин өз өмүрүн кыйган.

Адегенде “Теракт” беренеси боюнча иш ачылып, кийин ал “Киши өлтүрүү” деп өзгөртүлгөн. Крымда 3 күндүк аза күтүү жарыяланды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Францияда жалпы улуттук каражат жыйноо жараяны жарыяланды

Францияда жалпы улуттук каражат жыйноо жараяны жарыяланды

Франция президенти Эммануэль Макрон Нотр-Дам чиркөөсүн калыбына...

ДҮЙНӨ 2019-04-17  22:57

Казакстан президенти Өзбекстанга туристтик кластер түзүүнү сунуштады

Казакстан президенти Өзбекстанга туристтик кластер түзүүнү сунуштады

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Өзбекстанга бирдиктүү...

ДҮЙНӨ 2019-04-17  23:42

Орусия НАТО менен кызматташууну толугу менен токтотту

Орусия НАТО менен кызматташууну толугу менен токтотту

Орусия ТИМинин башчысынын орун басары Александр Грушко 15-апрелде...

ДҮЙНӨ 2019-04-16  10:10

Мирзиёев менен Токаев чогуу билдирүү жасашты

Мирзиёев менен Токаев чогуу билдирүү жасашты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Ташкенттеги эки...

ДҮЙНӨ 2019-04-16  10:12

Ливиядагы жаңжалдан жүздөн ашуун адам мерт болду

Ливиядагы жаңжалдан жүздөн ашуун адам мерт болду

Ливиянын Триполи шаарындагы куралдуу кагылышуудан 121 адам өлүп,...

ДҮЙНӨ 2019-04-15  16:17

Өзбекстан менен Казакстан соода жүгүртүү көлөмүн 5 миллиард долларга...

Өзбекстан менен Казакстан соода жүгүртүү көлөмүн 5 миллиард долларга...

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен...

ДҮЙНӨ 2019-04-15  16:44

Мирзиёевдин кызы Өзбекстандын чет өлкөдөгү имиджин көтөрөт

Мирзиёевдин кызы Өзбекстандын чет өлкөдөгү имиджин көтөрөт

Саида Мирзиёева

Өзбекстан президентинин улуу кызы Саида Мирзиёева Маалымат жана...

ДҮЙНӨ 2019-04-15  16:46