KELECHEK
rek

Өзбекстанда спектакль койгон Нарын театры дүйнө шаарларын кыдырууну пландоодо

Өзбекстанда спектакль койгон Нарын театры дүйнө шаарларын кыдырууну пландоодо

Спектаклден көрүнүш

Нарын музыкалык драма театрынын артисттери Өзбекстандын борбору Ташкент шаарындагы Улуттук драма театрда "Маң" спектаклин коюшту. Эки күндүк маданий сапар 16-октябрда башталган.

Мындай саамалыктан улам актерлор "ишибизге өзгөчө дымак менен карап калдык" дешсе, нарындык театр ышкыбоздору "спектаклге кызыгуубуз артып жатат" деп ыраазы болушту.

Театр жетекчисинин орун басары Аида Кетирбаеванын айтымында, артисттер залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин алкагында коңшу өлкөдөн атайын чакыруу алган.

«Биздин чыгармачыл топтун Ташкентке барып келишине президенттин фондунан атайын 120 миң сом бөлүндү. Чакыруу менен баратышат. Артисттерден тышкары үн режиссер сыяктуу чыгармачыл топту кошкондо 25 киши баратат», — деди ал.

Театрдын актеру Канат Мамыркановдун айтымында, чыгармачыл топ Ташкенттен кийин Орусиянын бир нече шаарына барып келүүнү пландоодо. «Татарстанга барабыз, андан сырткары Кабардиниянын Альчик деген шаарына, андан соң Москвага коёбуз. Кийинчерээк Лондонго да барууга аракет кылып атабыз. Анткени биздин бул спектаклибиз аябай жакшы чыкты», — деди ал.

«Нарын театрын мен өзгөчө белгилейт элем. Акыркы жыйырма жылдан ашык убакыттын ичинде бул театрдын акыбалы өтө оор болчу. Ал баарыбызга эле маалым. Бирок бир жылдын ичинде баркы көтөрүлүп, жаңы сапаттык бийиктикке чыгып жатканы кубандырат, - деп билдирди Театр ишмерлер бирикмесинин жетекчиси Жаныш Кулмамбетов.

Эл аралык фестивалда мыкты деп табылган "Маң" спектаклин анын автору Султан Раев жана коюучу-режиссер Жалил Мидинов сахналаштырган. “Маң” спектакли - Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романынын негизинде жаралган татаал, философиялык чыгарма. Ал Астана шаарында өткөн VI Эл аралык SAMGAU театр фестивалында мыкты спектакль деп табылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29