KELECHEK
rek

Казакстан: «Союз» кемеси кырсыкка учураганда жерге 22 тонна май төгүлгөн

Казакстан: «Союз» кемеси кырсыкка учураганда жерге 22 тонна май төгүлгөн

 «Союз» космос кемесинин Казакстан үчүн кесепеттери

Казакстанда «Союз» космос кемеси кырсыкка учураган маалда жерге 22 тонна күйүүчү май төгүлгөн. Бул тууралуу 16-октябрда өлкөнүн коргоо жана аэрокосмикалык өнөр-жай министринин орун басары Марат Нургужин билдирди.

«Күйүүчү майдын негизги бөлүгү 47 чакырым бийиктикте күйгөн. Болжол менен калган 22 тонна керосин жерге төгүлгөн. Керосин анча чоң коркунуч жаратпагандыктан, анын бул өлчөмү жол берилген концентрациядан ашпайт. Бирок ошентсе да азыр бул боюнча комплекстик иликтөө жүргүзүп жатабыз», – деп билдирди Нургужин.

11-октябрда эртең менен Казакстандагы Байкоңур космодромунан учурулган "Союз МС-10" кемеси кырсыктап, астронавттар кайра кайтууга аргасыз болушкан.

Болжолдуу версия боюнча, кеме асманга көтөрүлгөндөн кийинки үчүнчү мүнөттө кырсыкка кабылган. Түртүүчү ракетанын экинчи блогу ажырап жаткан маалда кыймылдаткычы иштебей калып, кеменин бөлүктөрү ажырап жерге кулап түшкөн. Космонавттар Алексей Овчинин менен Ник Хейг парашюттун жардамы менен блоктун бир бөлүгүн жерге кондура алышкан.

Бул кырсыктан кийин Орусия бардык кеме учурууларын убактылуу токтотту.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...