KELECHEK
rek

Ташкентте мугалим окуучусун ур-токмокко алууга айыпталууда

Ташкентте мугалим окуучусун ур-токмокко алууга айыпталууда

Ташкент шаарындагы №29 орто мектептин 6-классынын окуучусу Билолбектин ата-энеси баласы тарых мугалими тарабынан сабалганын билдирип, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылды. Билолбектин айтымында, окуя 15-октябрда болгон:

– Сабак учурунда досум менден калем, мен андан класстык иш тууралуу сурадым. Биздин сүйлөшүп жатканыбызга нааразы болгон мугалим мени башка койду. Андан соң коридорго алып чыгып, катуу сабап, муунта баштады. Мен ыйлап, директорго даттанарымды айттым. Мен андан качып кетүүгө аракет жасадым, ал кууп жетип, кайра сабады. Жаакка чаап, дубалга такап алып муунтту. Кускум келип, башым айланып кетти. Мен мектептен качып кеттим.

Билолбектин ата-энеси баласынын көгала болгон сүрөттөрүн көрсөтүштү.

Мугалим физикалык күч колдонууга аргасыз болгонун, бирок сабабаганын билдирди. Окутуучу Билолбек сабакта көп сүйлөп, тентек кылып, сөз укпаганын кошумчалады:

– Мен анын жанына келип, жеңинен кармап доскага чыгуусун сурадым. Ал баш тартып, мени сөктү. Класстан чыгып кеткенде аркасынан бардым. Колунан, андан соң жакасынан кармап, залдан алып чыктым. Мен мойнун катуурак кармап койгон окшойм, ошондуктан из калса керек. Эгер сабасам, мойнума алмакмын. Ал сөгүндү, күч колдонууга аргасыз болдум.

Билолбектин ата-энеси медэкспертизага кайрылышты, жыйынтыктары белгилүү боло элек.

№29 мектептин директору Билолбектин мүнөзү оор, тентек бала экенин айтып, мугалимдин жоругун актоого аракет жасады. Бирок Өзбекстан элдик билим берүү министрлиги кандай болгон күндө да мугалимдер окуучуларга кол көтөрбөшү керек деп эсептейт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53