KELECHEK
rek

Армения премьер-министри Никол Пашинян отставкага кетти

Армения премьер-министри Никол Пашинян отставкага кетти

Никол Пашинян

Армения премьер-министри Никол Пашинян отставкага кетти. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Өкмөт башчынын кызматтан кетиши өлкөдө мөөнөтсүз парламенттик шайлоо процедурасын баштоого жол ачты.

Пашинян отставкага кетүү ниети тууралуу 2-октябрда Ереванда өткөн митинг учурунда билдирген. Анда өлкөнүн Улуттук жыйыны депутаттарды таркатуу жолдорун катаалдаткан өзгөртүүлөрдү кабыл алган. Кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү - жазында Арменияда башталган нааразылык акциялары маалында Пашинян берген негизги убадалардын бири болгон. Парламентте эң көп добушка дале болсо мурдагы премьер Серж Саргсяндын Республикалык партиясы ээ.

Мыйзамга ылайык, эгер жакынкы эки аптанын ичинде парламентарийлер эки жолу премьер-министрди шайлай албаса, анда Улуттук жыйын таркап, мөөнөтсүз шайлоо жарыяланат. Парламенттеги фракциялар жаңы премьер-министрди шайлабай тургандыктарын билдиргенин"Азаттыктын" армян кызматы кабарлады.

Бул план боюнча өлкөдө мөөнөтсүз парламенттик шайлоо декабрда өтөт. Сентябрдын аягында премьер-министр Никол Пашиняндын "Менин кадамым" блогу Ереван шаардык кеңешин шайлоодо ишенимдүү жеңишке жетип, андагы 65 орундун 57сине ээ болгон.

Никол Пашинян Армения өкмөтүн быйыл 8-майдан тарта жетектеп келген. Ал бул кызматты апрелдин ортосунан бери өлкөнүн бардык аймактарында өткөн нааразылык акциялардан кийин ээлеген. Акциялардын жыйынтыгында өлкөнү он жылдан ашык башкарган Серж Саргсян бийликтен кеткен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...