
Москвада жүргүнчүлөрдү сүзгөн кыргызстандык жазасын эркиндикте өтөмөй болду

Москванын Тверь соту кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулуна карата чыгарган өкүмүн угузду. Адвокаттар мурда сурангандай эле, ал жаза мөөнөтүн түрмөдөн тышкары өтөмөй болду.
ТАСС агенттиги кабарлагандай, Анарбек уулун 1 жыл 6 ай мажбурлап иштетип, 500 миң рубль төлөтмөй болушту. Мындан тышкары, ал үч жыл машине айдоо укугунан ажыратылат.
16-июнда Москвада такси айдаган кыргызстандык жаран автоунаасын башкара албай, жолдун четинде турган бир топ кишини сүзүп кеткен. Буга байланыштуу полиция кылмыш ишин козгогон. Мекеменин маалыматына караганда, кырсыктан жети киши анча оор эмес жараат алган.
Кийинчерээк айдоочу кыргызстандык жаран, 28 жаштагы Чыңгыз Анарбек уулу экени белгилүү болгон. Суракта ал адамдарды атайын сүзбөгөнүн, тормозду басмакчы болуп газды басып алганын айткан. Ал ошондой эле ичкилик ичпегенин жана буга чейин жол эрежесин бузбаганын билдирип, жабыркагандардан ыйлап кечирим сураган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Стамбулда теракт жасоого шектелген Машарипов айыптоолорду четке...
Стамбулдагы түнкү клубга кол салууга айыпталган...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2019-02-21 05:38
Каракалпакстанда окуучулар тарабынан зордукталган 16 жаштагы кыздын...
Каракалпакстандын Чимбай районундагы мектептердин биринде окуган 16 жаштагы кыздын боюна...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2019-02-20 01:52
Кыргыз-өзбек чек арасында зер буюмдарын уурдоого шектелгендер...
Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Маданият» бекетинде Жалал-Абад шаарындагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2019-02-19 05:57
Казакстанда 13 жаштагы өспүрүм өрттөнүп жаткан үйдөн эки баланы...
Шымкенттин Курсай кичи районунда 13 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2019-02-19 06:03
Москвадагы калайман мушташтан эки киши каза тапты
Өткөн жекшембиден...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2019-02-18 10:20
Кар көчкүлөрдөн улам Тажикстандын негизги унаа жолу жабылды
Тажикстандын түндүгүндө...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2019-02-15 09:06
Таш-Дөбөдөгү өрт: Маркум кайненеси менен пикир келишпестиктен улам...
Аламүдүн районунун Таш-Дөбө...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2019-02-13 06:51