KELECHEK
rek

Ташкентте элчиликтерди кайтарган милиция кызматкерлери пахта теримге жөнөтүлдү

Ташкентте элчиликтерди кайтарган милиция кызматкерлери пахта теримге жөнөтүлдү

Ташкентте дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдуктарды кайтаруу батальонунун кызматкерлери пахта теримиге мажбурлоо менен жөнөтүлдү.

Батальон кызматкерлеринин “Азаттыктын” өзбек кызматына жөнөткөн катында: “Бизди пахта терүүгө жөнөтүштү, тамак-ашты өз чөнтөгүбүздөн камсыздап жатабыз. Ал жерде шарт өтө начар. Аткаминерлер келгенде, баары жакшы экенин, эч ким бизди пахта терүүгө зордоп чыгарбаганын айтышууда”, - деп жазылган.

Каттын авторлорунун биринин билдиришинче, кызматкерлерди мажбурлап пахта териме жөнөтүү үчүн ички иштер министри өзү буйрук берген.

– Пахта теримге алгач батальондун 250 кызматкери жөнөтүлдү, 10-октябрда болсо дагы 50 кызматкерди башка районго жиберишти. Дагы 100 кызматкер керек экенин айтышты. Нөөмөттө турган кызматкерлерге иттен жаман мамиле жасашат. Офицерлер каалаган маалда үйлөрүнө барып келишет. Биз болсо норма тапшырсак гана бара алабыз. Эки күнгө үйгө баруу үчүн 200 миң сум төлөө керек. Жол чыгымдарын кошкондо 300 сумга чыгып кетет, – деди ИИМ кызматкери.

Учурда ИИМ жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери Ташкент облусунун Чиназ районунда пахта терип жүрүшөт.

Буга чейин ИИМ академиясынын курстанттары мажбурап пахта теримге жөнөтүлгөнү кабарланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13