KELECHEK
rek

Фейсбук Орусияда ондогон аккаунттарды жапты

Фейсбук Орусияда ондогон аккаунттарды жапты

Фейсбук биринчи жолу Орусияда колдонуучулардын маалыматтарын мыйзамсыз топтоп, иликтеп, андан соң аткаминерлерге жана буга кызыктар кишилерге берген ондогон аккаунттарды жапты.

Маалыматтарга караганда, бул аккаунттар Ирландияда жайгашкан Social Data Hub компаниясы менен байланышта. Социалдык түйүн компаниядан жакынкы суткаларда мыйзамсыз ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылды.

Social Data Hub компаниясынын негиздөөчүсү – Артур Хачуян, ал 2014-жылга чейин Тина Канделакинин “Апостол” реклама агенттигинин кибернетика бөлүмүн жетектеген. Ал мындан тышкары Fubutech ишканасын башкарат. Маалыматтар боюнча эки уюмда тең бир эле команда иштейт. Social Data Hub коммерциялык, Fubutech мамлекеттик буюртмаларды аткарат.

Хачуян The Bell сайтына берген интервьюсунда жоопкерчиликти өз мойнуна алган эмес.

РБК басылмасына курган маегинде болсо эгер социалдык түйүн аккаунттарды калыбына келтирбесе, Фейсбукту сотко берериши мүмкүн экенин билдирди.

Буга чейин Social Data Hub өзүн Дональд Трамптын шайлоо кампаниясы учурунда Фейсбук колдонуучуларынын маалыматтарын мыйзамсыз колдонууга айыпталып, ишмердүүлүгүн токтоткон Cambridge Analytica тобу менен салыштырган. Хачуян өмүр бою Cambridge Analytica тобун жек көрүп келгенин айткан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52