KELECHEK

Аварияга кабылган космос кемесинин экипажы Казакстан аймагына конду

Аварияга кабылган космос кемесинин экипажы Казакстан аймагына конду

“Роскосмос” космонавты Алексей Овчинин жана НАСА  астронавты Ник Хейг - куткаруучу капсула менен Казакстандын аймагына түшүштү. Бул тууралуу Орусиянын космос ишмердүүлүгү боюнча мамлекеттик корпорациясы билдирди.

Алар түшкөн жерге тик учактар жана куткаруу кызматкерлери жөнөп кетишти.

This was the failure point, came at staging. Crew got shook around. Then said they were feeling weightlessness.pic.twitter.com/WPuAOZ6p0F

— Chris B - NSF (@NASASpaceflight) 11 октября 2018 г.

"Роскосмос" маалымдагандай, "Союз МС-10" космос кемесин кое берген маалда кырсык болгон.

— Авариялык куткаруу системасы иштеп, кеме Казакстанга конду. Кеме экипажы тирүү жана байланышка чыкты. Куткаруучулар Алексей Овчинин жана Ник Хейгди издөө жана эвакуациялоо үчүн жөнөп кетишти, — деп айтылат билдирүүдө. Экипаж түшкөн жерге “Роскосмос” башчысы Дмитрий Рогозин дагы барды.

Космос кемеси 11-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча 11:40та кое берилген. "Интерфакс" агенттигинин кабарына караганда, кыймылдаткычтардын бири иштебей калган.

Маалыматтарга караганда, кырсык космос кемеси кое берилгенден эки мүнөт өткөн соң болгон. Бул учурда авариялык маяк иштеп, экипаж отурган капсула кемеден ажырап, жерге багыт алган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

The Washington Post: Мургабда Кытайдын жашыруун аскердик базасы жайгашкан

The Washington Post: Мургабда Кытайдын жашыруун аскердик базасы жайгашкан

Мургаб

Тажикстандын Кытай менен чектеш Мургаб районунда үч жылдан бери...

Скрипалдарды ууландырууга шектелген үчүнчү адам тууралуу...

Скрипалдарды ууландырууга шектелген үчүнчү адам тууралуу...

The Insider басылмасы менен Bellingcat иликтөө тобу Орусиянын мурдагы...

Өзбекстан үч баласы менен террорчулардын катарында жашап жүргөн...

Өзбекстан үч баласы менен террорчулардын катарында жашап жүргөн...

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы (УКК) алты жылдан бери үч баласы...

The Sunday Times: Сергей Скрипалдын саламаттыгы начарлады

The Sunday Times: Сергей Скрипалдын саламаттыгы начарлады

Британ адистери Сергей Скрипалдын Солсберидеги үйүнүн жанында. Март, 2018-жыл

Орусиянын мурдагы...

Өзбекстанда милдеттүү нике келишимин киргизүү сунушталууда

Өзбекстанда милдеттүү нике келишимин киргизүү сунушталууда

Өзбекстандын Наманган облустук акимчилиги...

Сирияда ИМ тобунун диктору кармалды

Сирияда ИМ тобунун диктору кармалды

Сирияда “Ислам мамлекети” террордук тобунун көптөгөн видео тасмаларын англис тилинде коштоп...

ИИМ: Былтыр Кыргызстанда 36 сайт жабылды

ИИМ: Былтыр Кыргызстанда 36 сайт жабылды

2018-жылы Кыргызстанда 36 интернет-сайт экстремисттик...