KELECHEK

Француз компаниясы байыркы Бухара аймагында ири туристтик долбоорду ишке ашырат

Француз компаниясы байыркы Бухара аймагында ири туристтик долбоорду ишке ашырат

Өзбекстандын Улуттук банкы Bouygues («Буиг») деп аталган Франциянын ири курулуш компаниясы менен кызматташтыкта байыркы Бухаранын аймагында туристтик долбоорду ишке ашырат.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, туристтик тармакта кызматташуу тууралуу тиешелүү макулдашууга Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Францияга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында өткөн өзбек-француз бизнес форумунда кол коюлган. Долбоордун баасы 100 миллион еврону түзөт.

Макулдашууда «Бухара шаары менен Бухара облусунун туристтик потенциалын өнүктүрүү программасынын» алкагында Шавкат Мирзиёев демилгелеген «Кадимий Бухоро» туристтик зонасын куруу каралган. Долбоордун алкагында анын аймагындагы 10 гектар аянтка мейманканалар, соода-көңүл ачуу жайлары, ресторандар, элиталык турак жай комплекстери, ландшафттык бакчалар жана башка объектилер курулат.

Макулдашууга ылайык, «Буиг» компаниясы долбоорлоо жана курулуш иштеринен тышкары бул багыттагы долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу үчүн жаңы инвесторлорду табууга көмөктөшүп, курулуп бүткөн объектилерди башкарууга катышат. Мындан тышкары ал Өзбекстандын башка аймактарындагы туристтик аймактарга мейманканалар менен эс алуу жайларынын түйүнүн куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну пландоодо.

Келишилген макулдашуу Өзбекстандын туристтик дараметин мындан ары дагы өнүктүрүп, натыйжалуулугун арттырууга багытталганы кабарланууда.

Bouygues Batiment International SAS (Буиг Батиман Интернасиональ САС) – 1952-жылы негизделип, Франциянын ири курулуш компанияларынын бирине айланган. Компания ишке ашырган объектилердин арасында – Ла-Манштагы туннель, Дефанс аркасы, Шарль де Голь атындагы аэропорттун №2 терминалы, автомагистралдар жана башка бир топ курулуштар бар. Компаниянын капиталы 25 миллиард еврону түзөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажикстандагы сайма саюу өнөрү ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине...

Тажикстандагы сайма саюу өнөрү ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине...

Тажикстандын «Чакан» деп аталган сайма саюу...

ТАРЫХ 2018-11-30  20:25

Назарбаев: «Глобалдык тарыхтагы ролубузду түшүнүшүбүз керек»

Назарбаев: «Глобалдык тарыхтагы ролубузду түшүнүшүбүз керек»

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкө тарыхын...

ТАРЫХ 2018-11-21  15:35

Ислам Каримовдун музейин оңдогон курулушчуларга эмгек акысы бериле...

Ислам Каримовдун музейин оңдогон курулушчуларга эмгек акысы бериле...

Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун музейинде оңдоо иштерин...

ТАРЫХ 2018-11-19  13:39

Москванын борборуна Ислам Каримовдун эстелиги тургузулду

Москванын борборуна Ислам Каримовдун эстелиги тургузулду

14-октябрдан 15-октябрга оогон түнү Москванын борборундагы...

ТАРЫХ 2018-10-18  08:29

Президенттин согушта дайынсыз жоголгон чоң атасынын мүрзөсү...

Президенттин согушта дайынсыз жоголгон чоң атасынын мүрзөсү...

Президент Сооронбай Жээнбековдун Экинчи...

ТАРЫХ 2018-08-30  19:43

Ташкенттеги көчөлөрдүн бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы берилди

Ташкенттеги көчөлөрдүн бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы берилди

Ташкент шаардык кеңешинин депутаттары борбордогу...

ТАРЫХ 2018-07-14  21:07

Тажикстанда имамдар музейге барууга милдеттендирилди

Тажикстанда имамдар музейге барууга милдеттендирилди

Тажикстан мечиттеринин имам-хатибдери мындан ары музейге барып турууга милдеттендирилди. Бул...

ТАРЫХ 2018-07-14  22:07