KELECHEK
rek

Казакстанда укук коргоочунун үйүн өрттөөгө аракет кылышты

Казакстанда укук коргоочунун үйүн өрттөөгө аракет кылышты

Белгисиз адамдар казакстандык укук коргоочу Елена Семёнованын Павлодар шаарындагы үйүнө күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып, өрттөөгө аракет кылышты. Бул тууралуу ал өзү Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Буга чейин болгон окуялардын бардыгын эске алып, бул мени коркутуу аракет болду деп эсептейм», — деди Семёнова Алматыда журналисттер менен жолукканда.

Укук коргоочунун үйүн өрттөө аракетине байланыштуу Павлодар шаарынын Серверный райондук ички иштер департаменти тергөө иштерин баштады.

8-октябрда Семёнова Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын (ПАСЕ) депутаттары менен жолугуу үчүн Европа өлкөлөрүнө баратканда аэропорттон кармалып, өлкөдөн чыгарбай коюшкан. Ага аэропортто берилген билдирүүдө Караганда облустук ички иштер департаментинин өтүнүчү менен анын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганы жазылган.

Елена Семёнова быйыл 3-5-июль күндөрү Страсбургда Европа парламентинин мүчөлөрү менен жолугуп, Казакстан абактарындагы катаал шарттар тууралуу айткан. Анда ал түрмөлөрдө катаал мамилелер менен катар зордуктоо, сабоо, кемсинтүү жана медициналык жардамдан баш тартуу өңдүү кыйноолор көрсөтүлө турганын билдирген. Караганда облустук Жаза-аткаруу департаментинин жетекчилиги Семёнованы «жалган маалыматтарды берүүгө» айыптап, 12-июлда ага каршы кылмыш иши козголгон. Андан соң укук коргоочунун Павлодардагы үйүндө тинтүү жүргөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13