KELECHEK
rek

Түркия Идлибде деэскалация аймагы түзүлгөнүн билдирди

Түркия Идлибде деэскалация аймагы түзүлгөнүн билдирди

Сирия оппозициясынын өкүлү. 31-август, 2018-жыл

Түркия буга чейин орус жана түрк лидерлери макулдашкандай, Сириянын түндүгүндөгү Идлиб провинциясында деэскалация аймагы түзүлгөнүн ырастады.

Ал макулдашууга ылайык, оппозициялык топтор 10-октябрга чейин аймактан оор техникаларын чыгарып кетүү милдетин алышкан. Деэскалация зоналарында орус жана түрк кайгуул топтору гана калышы керек. Алар анда ок атпоо режиминин сакталышына көзөмөл жүргүзүшөт.

Ал ортодо Идлибдеги эң кубаттуу жихад тобу эсептелген «Тахрир аш-Шам» уюму Орусия менен Түркия президенттеринин макулдашуусу боюнча өз позициясын билдире элек.

Өткөн айда жетишилген макулдашуу Сириянын өкмөттүк күчтөрү менен союздаштарынын Идлиб аймагына пландаган чабуулун токтоткон. Ага чейин Сирия бийлиги аймакты «кандай болсо да» өз көзөмөлүнө ала турганын билдирген. Дүйнөлүк лидерлер менен БУУнун өкүлдөрү мындай операция 3 миллион калкы бар аймакта гуманитардык катастрофага алып келиши мүмкүндүгүн билдиришкен. Анда АКШ эгер химиялык курал колдонулса, Сирия президенти Башар Асаддын аскерлерине кезектеги жолу сокку жасала турганын эскерткен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52