KELECHEK
rek

Ала-Бука районунун тургуну өз атасын өлтүрдү

Ала-Бука районунун тургуну өз атасын өлтүрдү

Киши колдуу болгон Ала-Буканын тургунун жакындары өз ажалы менен өлдү деп жерге берген. Бул тууралуу «Калыс Медиага» Жалал-Абад ОИИБнин маалымат кызматынын жетекчиси Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Окуя 4-октябрь күнү саат 22лер чамасында Ала-Бука районунун Достук айылында болгон. 1969-жылы туулган Т.Садыкжанды 19 жаштагы уулу Рашидбек бычактап салган. Шектүү маркумдун көкүрөк тушуна үч жолу сайган.

Эртеси 5-октябрь күнү маркумду  «мас болуп, өз ажалы менен өлдү» деп айылдын “Жаамий” мазарына көпчүлүк менен бирге жерге беришкен.

Ала-Бука райондук милициясы Т.Садыкжандын киши колдуу болгонун аныкташты. Бул факты боюнча «адам өлтүрүү» менен кылмыш иши козголуп, шектүү тергөө абагына киргизилди жана жасаган ишин толук мойнуна алган.

Шектүү сурак мезгилинде атасы спирт ичимдигин көп ичкендигин жана ошол күнү да мас болуп, үйүндө жаңжал чыгарганын айтып берген. Чыдабай кеткен уулу атасына биычак сайган.

Маркумдун артында төрт баласы калды. Милиця болсо тергөө иштерин улантууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...

Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет

Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...