Өкмөт ички миграцияга көзөмөлдү күчөтүү ниетинде
Мамлекеттик каттоо кызматы жарандардын орун которуштуруусу боюнча так маалыматтарга ээ болуу үчүн ички мигранттарды жашаган жеринде каттоого турууга милдеттендирүүнү сунуштоодо.
Ошол эле маалда мекеме каттоого туруудагы бюрократияны болушунча азайтып, кошумча документтерсиз эле интернет аркылуу каттоого туруу мүмкүнчүлүгү түзүлө турганын белгилөөдө.
Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына караганда, өткөн кылымдын 90-жылдарынан бери өлкөдө жалпысынан 1,5 миллондон ашык жаран жашаган жерин алмаштырган. Миграция боюнча 2014-жылы жарыяланган баяндамада белгиленгендей, каттоосуз жашаган ички мигранттар билим алууда, медициналык жардам жана социалдык кызматтарга жетүүдө кыйынчылыктарга кабылышат. Мындан тышкары шайлоого катышпай, милиция жана башка бийлик органдарынын алдында алсыз болушат.
Миграция кызматынын белгилешинче, ички миграцияны жетиштүү деңгээлде көзөмөлдөбөө улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат: эмгек ресурстары ар түрдүүчө болгондуктан аймактардын өнүгүүсү текши болбойт, ички мигранттардын көп келгендигине байланыштуу шарты жакшыраак аймактарда социалдык чыңалуу күчөйт, айрым аймактардын инфраструктурасына жүктөлүш көбөйөт жана жашоочулар чек арага жакын аймактарды таштап кетишет.
Учурдагы мыйзамга ылайык, эгер жаран башка аймакка кеминде 45 күнгө көчүп келсе, анда ал жерде каттоого турууга милдеттүү. Бирок бюрократиянын көптүгү ички мигранттарды чочутат. Мындан улам Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды кошумча документтерсиз эле мамлекеттик кызматтардын электрондук порталы аркылуу каттоого тургузууну сунуштоодо.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53