KELECHEK

Болгарияда иликтөөчү журналистти өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

Болгарияда иликтөөчү журналистти өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

Полиция Русе шаарында журналист Виктория Маринованы мыкаачылык менен өлтүрдү деп шектелген кишини кармады.

Расмий түрдө анын аты-жөнү аталган жок, бирок Deutsche Welle басылмасынын маалыматы боюнча ал молдовалык румын улутундагы киши экени айтылууда.

30 жаштагы иликтөөчү журналист Виктория Маринованын сөөгү 6-октябрда өлкөнүн түндүгүндөгү Русе шаарчасында, Дунай дарыясынын жээгиндеги парктан табылган.

Полиция журналист сабалып, зордукталып, тумчуктурулганын маалымдаган. Тергөө иштеринде журналисттин жеке жашоосу менен кошо кесиптик ишмердигине да көңүл бурулары айтылган.

Politico басылмасы билдиргендей, ал кесиптештери менен бирге Евробиримдик инфраструктураны жакшыртуу үчүн берген акчанын коромжуга учурашы боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан. Журналисттердин иликтөөлөрүнө караганда, бардык каражаттын 30%- 40% сол чөнтөккө кетип же пара катары берилген. Алдамчылыкка мамлекеттик жогорку кызматта иштеген кишилер аралашкан болушу мүмкүн. Иликтөө материалдарында “Лукойл” компаниясынын Болгариядагы туунду ишканасынын башчысы Валентин Златев жөнүндө да сөз болот.

Виктория Маринова - Евробиримдик өлкөлөрүндө акыркы он эки айда киши колдуу болгон үчүнчү журналист.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда өзбек жараны тажикстандык кесиптешин мууздап, башын мешке...

Орусияда өзбек жараны тажикстандык кесиптешин мууздап, башын мешке...

Орусиянын Волгоград облусундагы мал сарайлардын биринде иштеген Өзбекстандын...

Транспорт министринин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалды

Транспорт министринин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалды

Транспорт жана жолдор министринин Ж.А. аттуу орун басары 50 миң доллар пара алып...

Тажикстанда үч жашар небересин тирүүлөй көөм салган аялдын иши...

Тажикстанда үч жашар небересин тирүүлөй көөм салган аялдын иши...

Хатлон облусунунун прокуратурасы чоң апасы тарабынан...

Чыгыш Казакстандагы шахтада эки жумушчу мерт болду

Чыгыш Казакстандагы шахтада эки жумушчу мерт болду

Чыгыш Казакстан облусундагы Орловск шахтасында эки жумушчу каза болду. Бул тууралуу шахтада кен казуу...

Өзбекстанда газ куюучу станцияда өрт чыгып, үч автоунаа күйүп кетти

Өзбекстанда газ куюучу станцияда өрт чыгып, үч автоунаа күйүп кетти

Өзбекстандын Бухара облусунун Паноб районундагы газ куюучу станцияда өрт чыгып,...

Кытайга мыйзамсыз сурма саткан ишканага кылмыш иши козголду

Кытайга мыйзамсыз сурма саткан ишканага кылмыш иши козголду

Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынан...

Өзбекстанда жол коопсуздук инспекторлору айдоочуну өлөрчө сабаган

Өзбекстанда жол коопсуздук инспекторлору айдоочуну өлөрчө сабаган

Өзбекстандын Наманган облусунун 53 жаштагы тургуну Бахром Асадуллаевдин туугандары аны жол...