KELECHEK
rek

Казакстандан тоок этин ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизилди

Казакстандан тоок этин ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизилди

Кыргызстан Казакстандан тоок этин ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизди. Бул маалыматты “Азаттыкка” Ветеринардык жана санитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ырастады.

Аталган органдын басма сөз катчысы Рахат Садырбекованын айтымында, коңшу өлкөнүн Кыргызстан менен чектеш аймактарында куш тумоосу боюнча маалыматтан улам ушундай чечим кабыл алынды. Учурда Казакстандын тиешелүү органдарына эпизоотикалык чыныгы абал боюнча так маалыматты аныктоо боюнча өтүнүч жиберилди.

Коңшу өлкөнүн ветеринардык кызматынын расмий жообуна жараша чектөө улантылат же алынышы мүмкүн.

- Кырдаал толугу менен иликтенгенге чейин убактылуу чектөө киргизилди. Эми казак тараптын расмий жобуна жараша чечим кабыл алынат. Эгер коңшу өлкөдө абал канааттандырарлык болсо чектөө алынат, - деди Садырбекова.

Ошондой эле Ветеринардык жана санитардык коопсуздук боюнча инспекциянын өкүлү куш этинде "Ньюкасл" аттуу ылаң табылганы тууралуу социалдык тармактарда таратылып жаткан маалымат чындыкка жатпай турганын жана андай коркунуч жок экенин кошумчалады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38