KELECHEK

Өлкөдө тойлорго мораторий киргизүү сунушталууда

Өлкөдө тойлорго мораторий киргизүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жаманкулов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан тышкары жүздөгөн майда майрамдарды өткөрүү үчүн бюджеттен жыл сайын 3 миллион доллар бөлүнөрүн билдирди. Ал мамлекеттик салтанаттарды өткөрүүгө кеминде бир жылга мораторий киргизүүнү сунуштады.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – Кыргызстандын эң ири долбоорлорунун бири. Үчүнчү оюндардын өткөнүнө бир ай болду, мамлекеттик казынадан дээрлик төрт жарым миллион доллар коротулду. Кыргызстандын эки миллиарддык бюджети үчүн бул ири сумма экени маалым.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан тышкары 2018-жылы дагы бир масштабдуу долбоор өтүүдө: ал улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган.

Эгер масштабы жагынан кичирээк мамлекеттик салтанаттарга келсек, 2018-жылы 100дөн ашуун республикалык деңгээлдеги майрам, фестиваль, мааракелерге бюджеттен акча бөлүнгөн.

"Бир жылда 105 жолу той! Эгер бир жылга бөлсөк, үч күндө бирден Кыргызстанда той өтүүдө”, – деди Акылбек Жаманкулов. Анын айтымында, тойлордун 90% эл билбеген инсандардын урматына арналган. Бюджетте каражат тартыш болуп жаткан маалда мамлекет майрамдарды чектеши керек.

Депутат республикалык деңгээлдеги салтанаттарды өткөрүүгө жок дегенде бир жылга мораторий киргизүүнү сунуштады. “Андан көрө бул акчага бала бакчаларды, мектептерди ремонттоп же таза суу менен камсыздашсын. Азыр той өткөрө турган маал эмес, беш жылдан кийин насыяларды кантип төлөйбүз, ошону ойлонушубуз керек”, – деди ал.

Өкмөт келерки жылы аш-тойлордун санын 80% кыскартууга убада берүүдө. Бирок салтанаттардын акыркы тизмеси жана чыгымдары тууралуу маалымат бере элек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

ЖМК: Мурдагы британ элчиси Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы болду

ЖМК: Мурдагы британ элчиси Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы болду

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы болуп мурдагы британ элчиси Робин Орд Смит шайланды. Бул тууралуу...

ЭКОНОМИКА 2019-06-20  14:16

Ашхабад дүйнөдөгү эң кымбат шаар деп табылды

Ашхабад дүйнөдөгү эң кымбат шаар деп табылды

Ашхабад

ECA International уюмунун изилдөөсүнө...

ЭКОНОМИКА 2019-06-17  13:30

Президент Сооронбай Жээнбеков жана КЭР Төрагасы Си Цзиньпин ар...

Президент Сооронбай Жээнбеков жана КЭР Төрагасы Си Цзиньпин ар...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си...

ЭКОНОМИКА 2019-06-13  18:21

Тажикстан «ТажикАзот» ишканасы үчүн жаңы инвестор издеп жатат

Тажикстан «ТажикАзот» ишканасы үчүн жаңы инвестор издеп жатат

Тажикстан кезинде Борбор Азиядагы минералдык жер семирткичтерди...

ЭКОНОМИКА 2019-06-13  19:01

Душанбеде доллар тартыштыгы жаралды

Душанбеде доллар тартыштыгы жаралды

Тажикстанда доллар алууну каалагандар жергиликтүү жана чет...

ЭКОНОМИКА 2019-05-29  16:58

Өзбекстан Volkswagen менен бирге автоунаа чыгарат

Өзбекстан Volkswagen менен бирге автоунаа чыгарат

Өзбекстан Volkswagen менен бирге автоунаа чыгара баштайт. 28-майда Германия президенти...

ЭКОНОМИКА 2019-05-29  17:14

Лукашенко Казакстандан Беларуска мунай жеткирүүнү сунуштады

Лукашенко Казакстандан Беларуска мунай жеткирүүнү сунуштады

Беларус президенти Александр Лукашенко өлкөгө...

ЭКОНОМИКА 2019-05-24  17:06