KELECHEK
rek

Казакстан менен Өзбекстан жалпы туристтик виза киргизүүнү талкуулоодо

Казакстан менен Өзбекстан жалпы туристтик виза киргизүүнү талкуулоодо

Казакстан менен Өзбекстан туристтердин эки өлкөнүн чек аралары аркылуу эркин өтүүсүн шарттай турган виза киргизүү маселесин талкуулап жатат. Бул тууралуу Казакстандын «Хабар 24» мамлекеттик телеканалы билдирди.

Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин спорт жана индустрия комитети эки өлкө «Жибек жолу» деп аталган визанын долбоорун талкуулап жатканын ырастады. Комитет өкүлү кеңири маалымат үчүн расмий кат менен кайрылууну өтүндү.

«Хабар 24» телеканалы Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Азиз Абдухакимовдун: «Эки тарап бул маселенин үстүнөн абдан активдүү иштөөдө. Бул долбоорго «Жибек жолунда» жайгашкан башка бир катар өлкөлөр да кызыгуусун билдирип жатат», - деген сөздөрүн келтирген.

Казакстандын Туризм жана индустрия комитетинин төрайымы Майнюра Мурзамадиеванын айтымында, талкуунун жыйынтыгы жакынкы бир нече айда билиниши мүмкүн.

Бул күндөрү Ташкентте “Жибек жолундагы туризм” деген туристтик жармаңке өтүп жатат. Ага аймактын ондой өлкөсүнүн өкүлдөрү, анын ичинде Казакстан, Индия, Кытай катышууда.

Быйыл июнда казак парламентинин Эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрайымы Дарига Назарбаева алыскы өлкөлөрдөн келген туристтердин агымын көбөйтүү керектигин айтып, жалпы виза киргизүүнү сунуштаган. Августта казак жана өзбек маалымат каражаттары Астана менен Ташкент Silk viza деп аталган визаларды түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаганын кабарлашкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...