KELECHEK

Өзбекстанда район башчысы президентке даттангысы келген ишкерди сабады

Өзбекстанда район башчысы президентке даттангысы келген ишкерди сабады

Район башчысы тарабынан сабалган ишкер Фазилат Нормурадова.

Кашкадарыя облусундагы Касан районунун башчысы Бахтияр Ражабов жергиликтүү ишкер Фазилат Нормурадованы элдин көзүнчө кемсинтип, сабады. 11-сентябрда ишкер президенттин көчмө кабылдамасына даттангысы келген.

Касан районундагы базарда соода кылган 49 жаштагы Фазилат Нормурадова 11-сентябрда жер тилкеси боюнча президинттик администрациянын өкүлдөрүнө даттануу үчүн барган маалда сабалганын билдирүүдө. Ишкердин айтымында, ал район башчысынан жер маселесин чечип берүүнү өтүнүп, болбосо президенттик администрациянын өкүлдөрүнө кайрыла турганын билдирген.

«Ал мени дароо жаман сөздөр менен тилдей баштады. Анын кемсинтүүсүнө мен дагы жооп бердим. Анан ал жакын келип мойнуман муунтуп, экинчи колу менен ургулай баштады. Ары жактан чуркап келген 3-4 киши араң ажыратышты. Ошол маалда район башчысы күтүлбөгөн жерден мени курсакка катуу тээп жиберип, мен эсимди жоготуп жыгылып калдым», — деди Фазилат Нормурадова.

Ал ооруканадан гана эсине келгенин кошумчалады. «Мени ооруканага тез жардам кызматы менен жеткиришкенин айтышты. Мээм катуу чайкалыптыр, беш күн бою кускум келип жүрдүм. Азыр дагы өзүмдү начар сезип турам. Башым айланып, кээ бирде кускум келип жатат», — деди ал.

Өз кезегинде район башчысы Бахтияр Ражабов дарегине айтылган айыптоолорду четке какты. «Мындай маалыматты кайдан алдыңар? Менде бирөөнү сабагандан башка ишим жок бекен? Биз иштеп атабыз, жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат. Силер болсо анын баарын эске албастан мени айыптап жатасыңар. Мындай сөздөр менен мени алагды кылбагылачы», — деди аткаминер.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасынан билдиришкендей, Нормурадованын арызынын негизинде тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Буга чейин Касан районунун башчысы Бахтияр Ражабов кол алдындагы кызматкерлерди кеминтип, сабап жүргөнү кабарланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

ОБЛУС БАШЧЫ

ОБЛУС БАШЧЫ "МАДАНИЯТ-ЖАЛАЛ-АБАД" ЖОЛУНУН КУРУЛУШ ИШТЕРИН ЖЕРИНЕН...

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев...

КООМ 2019-04-18  12:10

Президент Жээнбеков Мюнхен шаарында мекендештер менен жолугушту

Президент Жээнбеков Мюнхен шаарында мекендештер менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 15- апрелде, Германиянын...

КООМ 2019-04-16  10:02

Президент Сооронбай Жээнбеков  басма сөз үчүн билдирүү жасады

Президент Сооронбай Жээнбеков басма сөз үчүн билдирүү жасады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-апрелде Берлин шаарында, Германия...

КООМ 2019-04-16  21:57

Ош облустук сотунун судьяларын жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук...

Ош облустук сотунун судьяларын жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ош облустук сотунун судьяларын жана Бишкек...

КООМ 2019-04-14  05:25

Мажилис Назарбаевдин канцеляриясына бир миллиард теңге бөлүү сунушун...

Мажилис Назарбаевдин канцеляриясына бир миллиард теңге бөлүү сунушун...

Казакстандын мажилис депутаттары үч жылдык республикалык бюджет тууралуу мыйзам...

КООМ 2019-04-11  19:15

“Республика” Бишкекте тынчтык митингин өткөрүү боюнча мэрияга кат...

“Республика” Бишкекте тынчтык митингин өткөрүү боюнча мэрияга кат...

“Республика” партиясы 13-апрелде саясатчы Өмүрбек...

КООМ 2019-04-11  21:02

Некролог – коомдук ишмер, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Муктар...

Некролог – коомдук ишмер, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Муктар...

Кыргызстан эли орду толгус оор жоготууга учурады. Көрүнүктүү советтик-партиялык, коомдук ишмер, Улуу...

КООМ 2019-04-10  18:51