KELECHEK

АКШ жети орусиялыкты киберчабуулдарга айыптады

АКШ жети орусиялыкты киберчабуулдарга айыптады

АКШ жети орусиялыкты дүйнөнүн ар кайсыл бөлүктөрүндөгү киберчабуулдарды уюштурууга айыптады. Алар Орусиянын аскердик чалгын мекемесинин кызматкерлери экени айтылууда.

АКШнын Юстиция министрлиги айып тагылган орусиялыктардын аты-жөнүн жарыялады. Алардын баары мурда ГРУ деген аталыш менен белгилүү болгон Орусиянын аскердик чалгын мекемесинин кызматкерлери экени айтылууда.

Алар Алексей Моренец, Евгений Серебряков, Иван Ермаков, Артем Малышев, Дмитрий Бадин, Олег Сотников жана Алексей Минин.

Булардын төртөөсү быйыл апрелде Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун кеңсесине хакердик чабуул жасоо аракетин көргөндөн кийин Нидерландыдан чыгарылган.

Үчөөсү — Ермаков, Малышев жана Бадин — буга чейин атайын прокурор Роберт Мюллер тарабынан АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүгө айыпталган.

Орусиялыктар тарабынан жасалган хакердик чабуулдардын арасында Эл аралык антидопинг агенттигинин маалыматтар базасын бузуу, ошондой эле Пенсильваниядагы атомдук электрстанция менен Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун кеңсесине чабуул коюу аракеттери көрсөтүлгөн.

Бейшембиде Орусиянын аскердик чалгын мекемесинин дарегине Улуу Британия, Нидерланд жана Канада айыптоолорду айтышты. Улуу Британия менен Нидерланддын премьер-министрлери Орусияны «глобалдык баалуулуктарды жек көрүүгө» айыпташты. Марк Рютте менен Тереза Мэйдин биргелешкен билдирүүсүндө Орусиянын чалгын мекемеси глобалдык коопсуздукту камсыз кылып турган макулдашууларды сыйлабай жатканы жазылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Трамп 2020-жылкы шайлоо өнөктүгүн баштаганын билдирди

Трамп 2020-жылкы шайлоо өнөктүгүн баштаганын билдирди

Дональд Трамп Флоридадагы тарапташтары менен жолугушууда

АКШнын президенти Дональд Трамп...

ДҮЙНӨ 2019-06-20  14:19

АКШ Жакынкы Чыгышка дагы 1000 аскерин жөнөтөт

АКШ Жакынкы Чыгышка дагы 1000 аскерин жөнөтөт

Иллюстрациялык сүрөт

АКШ Жакынкы Чыгышка дагы 1000 аскер кызматкерин...

ДҮЙНӨ 2019-06-19  09:56

Трамп: Кийинки жумада мыйзамсыз жүргөн мигранттар өлкөдөн жапырт...

Трамп: Кийинки жумада мыйзамсыз жүргөн мигранттар өлкөдөн жапырт...

Дональд Трамп АКШнын аймагында мыйзамсыз жүргөн миллиондогон...

ДҮЙНӨ 2019-06-19  10:45

АКШ Украинага 250 миллион долларлык аскердик жардам берет

АКШ Украинага 250 миллион долларлык аскердик жардам берет

АКШнын Коргоо министрлиги Украинага 250 миллион долларлык аскердик жардам бере турганын...

ДҮЙНӨ 2019-06-19  10:55

Эрдоган: Орусиянын С-400 комплекстери Түркияга июлда жеткириле баштайт

Эрдоган: Орусиянын С-400 комплекстери Түркияга июлда жеткириле баштайт

Орусиянын С-400 зениттик-ракеталык системалары Түркияга июлдун биринчи жарымында...

ДҮЙНӨ 2019-06-18  13:48

Тажикстан менен Кытай кызматташуу тууралуу 18 документке кол койду

Тажикстан менен Кытай кызматташуу тууралуу 18 документке кол койду

Душанбеде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен тажик президенти Эмомали Рахмондун...

ДҮЙНӨ 2019-06-18  14:09

Голан дөңсөөлөрүндөгү болочоктогу конушка Трамптын аты ыйгарылды

Голан дөңсөөлөрүндөгү болочоктогу конушка Трамптын аты ыйгарылды

Бул жерде жакында Трамп дөңсөөлөрү деп аталган калктуу конуш пайда болушу керек

16-июнда...

ДҮЙНӨ 2019-06-17  13:19