Казакстан: «соцтүйүндө диний кастыкты козутууга» айыпталган жаран күнөөсүн мойнуна алды
Шымкенттин Абай райондук соту социалдык түйүндөр аркылуу диний кастыкты козутууга айыпталган 29 жаштагы жергиликтүү тургун Имран Музаффаровдун ишин карап жатат. 3-октябрдагы отурумда ал күнөөсүн мойнуна ала турганын билдирди.
Андан соң судья Элеонора Бакирова коргоо тарап ишти кыскарылган тартипте кароону өтүнгөнүн айтып, дароо жарыш сөзгө өтүүнү сунуштады. Бирок прокурор даярдык үчүн убакыт сурагандыктан, жарыш сөз 4-октябрга жылдырылган.
«Диний кастыкты козутуу» беренеси менен айыпталган Имран Музаффаров дээрлик беш айдан бери камакта отурат. Ал бул айыптоо менен эки жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Акыркы жылдары Казакстанда бул берене менен ондогон жарандык активист, блогер жана түрдүү диний коомчулуктардын өкүлдөрү соттолду.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53