KELECHEK

Путин пенсия реформасы жөнүндө мыйзам топтомуна кол койду

Путин пенсия реформасы жөнүндө мыйзам топтомуна кол койду

Орусия президенти Владимир Путин пенсия реформасы тууралуу мыйзам топтомуна кол койду. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайтында айтылат.

Мыйзамга ылайык, эркектердин пенсия курагы 65, аялдардыкы 60 жашка чейин көтөрүлөт. Мөөнөтүнөн мурун ардактуу эс алууга чыгуу үчүн эркектер 42, аялдар 37 жыл эмгек тажрыйбасын топтошу керек.

Буга чейин аялдардын пенсия жашын 63 жашка көтөрүү демилгеленген. Бирок реформа долбоору даярдалгандан кийин социологдор Владимир Путиндин рейтинги төмөндөп кеткенин байкашкан. Кийинчерээк президент реформаны жумшартып жана пенсияга чыгууга беш жылдан аз мөөнөтү калган кызматкерлерди иштен алуу үчүн кылмыш жазасын киргизүүнү сунуштаган. Бул мыйзам Мамлекеттик дума тарабынан кабыл алынып, бүгүн Путин кол койду.

Октябрдын башында Владимир Путин пенсия реформасына киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин бюджет үнөмдөлбөй, тескерисинче кошумча чыгымдарды талап кыларын айткан. Ага чейин өкмөт пенсия курагын жогорулатуу менен үнөмдөлгөн акчаны пенсия көбөйтүүгө жумшоону пландаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажикстанда туристтердин өлүмүнө шектелген 17 кишинин соту башталат

Тажикстанда туристтердин өлүмүнө шектелген 17 кишинин соту башталат

Тажикстан Жогорку соту кийинки аптада төрт чет...

УКУК 2018-10-19  02:27

Кытайдагы казактардын туугандары Астанадан жардам сурашууда

Кытайдагы казактардын туугандары Астанадан жардам сурашууда

Алматыда 17-октябрда Шинжаң-Уйгур автономдуу облусунун Тогызтарау уездинен келген казактар Кытайдагы...

УКУК 2018-10-18  09:24

Ташкентте мугалим окуучусун ур-токмокко алууга айыпталууда

Ташкентте мугалим окуучусун ур-токмокко алууга айыпталууда

Ташкент шаарындагы №29 орто мектептин 6-классынын окуучусу Билолбектин ата-энеси баласы тарых...

УКУК 2018-10-18  09:32

ТИМ: эл аралык арбитраж тууралуу

ТИМ: эл аралык арбитраж тууралуу "Русгидродон" расмий билдирүү келе...

Орусиянын «Русгидро» компаниясы 37 миллион доллар...

УКУК 2018-10-17  09:11

Четте иштегендер кесиптик кошуун түзөт

Четте иштегендер кесиптик кошуун түзөт

Иллюстрациялык сүрөт

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында Орусияда, Казакстанда иштеп...

УКУК 2018-10-15  05:40

Ислам Каримовдун уулу өзбек авиакомпаниясын сотко берди

Ислам Каримовдун уулу өзбек авиакомпаниясын сотко берди

Петр Каримов 1969-жылы туулган, Ислам Каримовдун биринчи никедеги уулу

Өзбекстандын...

УКУК 2018-10-12  01:07

Өзбекстанда автоунаадан ыргытылган таштанды үчүн айыппул эки эсеге...

Өзбекстанда автоунаадан ыргытылган таштанды үчүн айыппул эки эсеге...

Өзбекстанда автоунаадан жана коомдук транспорттон таштанды ыргыткандарга айыппул эки эсеге...

УКУК 2018-10-12  09:27