
Өзбек бийлиги Гүлнара Каримованын Дубайга чыгып кеткенин төгүндөдү

Өзбекстан Башкы прокуратурасы мурдагы өзбек президентинин тун кызы Гүлнара Каримованын камактан бошотулуп, Дубайга учуп кеткени тууралуу маалыматты четке какты.
Прокуратура өкүлү “Азаттыктын” өзбек кызматына Каримова “Өзбекстан мыйзамдарынын чегинде жазасын өтөп жатканын” маалымдады.
Буга чейин редакция Гүлнара Каримова аттуу аял күзөтчүлөрүнүн коштоосунда Дубайдагы беш жылдыздуу мейманканага жайгашканын жазган.
“Азаттыктын” өзбек кызматынын иликтөөсү мейманкананын атын атагысы келбеген кызматкери жөнөткөн маалыматтарга негизделген. Редакцияга келген сүрөттөрдөн Каримованын тек жайы жана анын сүрөттөрү түшүрүлгөн мейманкананын компьютер экранын көрүүгө болот.
Каримованын Дубайга келгенин аэропортто аны тосуп алып, мейманканага жайгаштырган бир нече киши тастыктаган. Кийинчерээк мейманкананын атын атагысы келбеген кызматкери Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы чынында эле келгенин ачыктаган.
Журналисттер Гүлнара Каримова жайгашты делген бөлмөдөгү номерге чалышкан. “Гүлнара, бул сизсизби?” деген суроого аял киши: “Ооба, бул ким?” деп жооп берген. Бирок кабарчылар чалып жатканын билген соң, трубканы коюп койгон.
Ал ортодо VIP-кардарларга кызмат көрсөткөн бөлүмдүн жетекчиси мейманканадагы беш люкс номерди чындап эле Гүлнара Каримова брондогонун тастыктап, бирок ал конок Гүлнара Каримова экени тууралуу маалыматты четке каккан.
– Силерди ишендирип коёюн, биздин VIP-коногубуз Өзбекстан жараны эмес. Ал башка өлкөнүн жараны. Анын үстүнө ал президент Каримовдун тун кызынан алда канча жаш, – деген ал.
Расмий маалыматтар боюнча Каримова ири өлчөмдө пара алганы үчүн беш жылга соттолгон. Буга чейин Каримова салык төлөөдөн качуу, бөлөк бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу боюнча да айыпталган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
The Washington Post: Мургабда Кытайдын жашыруун аскердик базасы жайгашкан
Мургаб
Тажикстандын Кытай менен чектеш Мургаб районунда үч жылдан бери...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2019-02-22 05:42
Скрипалдарды ууландырууга шектелген үчүнчү адам тууралуу...
The Insider басылмасы менен Bellingcat иликтөө тобу Орусиянын мурдагы...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2019-02-22 17:28
Өзбекстан үч баласы менен террорчулардын катарында жашап жүргөн...
Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы (УКК) алты жылдан бери үч баласы...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2019-02-22 17:35
The Sunday Times: Сергей Скрипалдын саламаттыгы начарлады
Британ адистери Сергей Скрипалдын Солсберидеги үйүнүн жанында. Март, 2018-жыл
Орусиянын мурдагы...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2019-02-19 06:01
Өзбекстанда милдеттүү нике келишимин киргизүү сунушталууда
Өзбекстандын Наманган облустук акимчилиги...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2019-02-19 06:11
Сирияда ИМ тобунун диктору кармалды
Сирияда “Ислам мамлекети” террордук тобунун көптөгөн видео тасмаларын англис тилинде коштоп...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2019-02-19 08:22
ИИМ: Былтыр Кыргызстанда 36 сайт жабылды
2018-жылы Кыргызстанда 36 интернет-сайт экстремисттик...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2019-02-18 10:09