KELECHEK

Автобус кырсыгынан каза болгон өзбекстандыктардын туугандары 150 миллион теңге кун талап кылышууда

Автобус кырсыгынан каза болгон өзбекстандыктардын туугандары 150 миллион теңге кун талап кылышууда

Актөбө шаарында 52 Өзбекстан жаранынын өлүмүнө алып келген автобус кырсыгы боюнча сот иши уланууда.

Сот жараянынын катышуучулары моралдык зыян иретинде өлгөн ар бир киши үчүн 150 миллион теңге (412 миң доллар) кун берүүнү сурашты. Алардын жарымы компенсациядан тышкары айыпталуучулардын оор жазага тартылышын талап кылууда.

Бул иш боюнча беш киши айыпталууда. Алар авобустун үч айдоочусу жана «Азия транзит сервис» фирмасынын эки өкүлү — негиздөөчүсү жана механиги. Автобус айдоочулары Нуржан Кыргызбаев, Максат Пернебеков жана Барат Танатов 26-январдан бери Актөбөдөгү тергөө абагында отурушат. Компаниянын жетекчиси менен механиги белгилүү бир аймактан чыкпоо тилкатынын негизинде бошотулган. Автобустун ээсине болсо эл аралык издөө жарыяланган.

Компаниянын негиздөөчүсү бузук транспорт каражатын пайдаланууга жол берген жана жалган документ жасаган деп айыпталууда. Мехиник бузук автобусту каттамга чыгарууга күнөөлөнүп жатат.

Өзбекстан жарандары бараткан автобус 18-январь эртең менен Актөбө облусундагы Иргиз трассасында өрттөнүп кеткен. Анда 52 киши мерт болуп, 5 киши аман калган. Расмий версия боюнча өрт автобустун салонун каңдагыч лампа менен жылытуу учурунда чыккан.

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Грузиянын учурдагы президенти Георги Маргвелашвилинин күйөө баласы...

Грузиянын учурдагы президенти Георги Маргвелашвилинин күйөө баласы...

Гиорги Маргвелашвили

Грузиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Тблисиде...

УКУК 2018-12-07  04:49

Орусиялык чек арачылар тажик мигранттарын сакал алууга мажбурлашууда

Орусиялык чек арачылар тажик мигранттарын сакал алууга мажбурлашууда

Айрым тажик мигранттар орус-казак чек арасынан өтүп баратканда...

УКУК 2018-12-07  05:09

Казакстанда кардарлары балмуздакка ууланган күркөнүн ээси соттолду

Казакстанда кардарлары балмуздакка ууланган күркөнүн ээси соттолду

5-декабрда Шымкенттин Аль-Фараби райондук соту «адамдардын массалык...

УКУК 2018-12-06  11:53

Өзбекстанда 1-июлдан тарта кайгуул кызматкерлери жолдордо жашыруун...

Өзбекстанда 1-июлдан тарта кайгуул кызматкерлери жолдордо жашыруун...

2019-жылдын 1-июлунан тарта айдоочулар мобилдүү видеокамералары жок жол кайгуул...

УКУК 2018-12-05  11:17

Орусияда жети өзбекстандыктын өлүмү үчүн күнөөлөнгөн аял соттолду

Орусияда жети өзбекстандыктын өлүмү үчүн күнөөлөнгөн аял соттолду

Санкт-Петербург соту жайында жети өзбекстандык жумушчу...

УКУК 2018-12-05  11:23

Ар-намысы үчүн күрөшкөн кызга мамлекеттик органдар жардам берген жок

Ар-намысы үчүн күрөшкөн кызга мамлекеттик органдар жардам берген жок

Мастона Асо

Бир жылдан ашуун убакыттан бери Хатлон облусунун 21 жаштагы тургуну Мастона Асо...

УКУК 2018-12-05  16:13

Жалал-Абадда калкка акысыз юридикалык жардам берүү боюнча декада өтүп...

Жалал-Абадда калкка акысыз юридикалык жардам берүү боюнча декада өтүп...

Жалал-Абад облусунун аймагында “КР мамлекеттик кепилденген юридикалык жардам боюнча”...

УКУК 2018-12-03  13:15