KELECHEK
rek

Ала-Букада такталбаган чек арадагы жол сүйлөшүүдөн кийин оңдоло баштады

Ала-Букада такталбаган чек арадагы жол сүйлөшүүдөн кийин оңдоло баштады

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун Көк-Таш айылында Өзбекстан менен чектеш, такталбаган аймакта жайгашкан Гава участогундагы автоунаа жолунун 300 метр аралыгы оңдоло баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов билдирди.

- Буга чейин 4 миң адам жашаган Көк-Таш айылынын тургундары пайдаланган жолду оңдоого өзбек тарап каршылык көрсөтүп, бир топ жаңжалдар болуп келген. 1-октябрда ал жерде Өзбекстандын Наманган облусунун жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар менен бирге жолугушуу уюштурулуп, эки элди ынтымакка чакырган түлөө өткөрүлдү. Жыйынтыгында кыргыз-өзбек жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүп, унаа жолун кыргыз тарап, анын жанына агып өткөн каналды өзбек тарап оңдой тургандыгы макулдашылды, -деди Акматов.

Ала-Букадагы Көк-Таш унаа жолунун кээ бир бөлүгү Өзбекстандын Чуст району менен чектеш Гава участкасы аркылуу өтүп, айрым учурларда тургундар аны айланып өтүүгө мажбур болушчу. Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырымга созулган чек ара тилкесинин 1170и же 85 пайызы такталган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41