KELECHEK

Конституциялык палата экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу кайрылууга жооп кайтарды

Конституциялык палата экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу кайрылууга жооп кайтарды

Бүгүн Кыргызстандын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу тууралуу укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун өтүнүчүн карап, аны жарым-жартылай канааттандырды. Бул тууралуу ал өзү "Азаттыкка" кабарлады.

Буга чейин Нурбек Токтакунов Конституциялык палатага "Президенттин ишмердигинин кепилдиктер жөнүндөгү" мыйзамдын нормаларын Баш мыйзамга каршы келет деп таануу өтүнүчү менен кайрылган. Аталган норма экс-президенттердин кол тийбестигин шартсыз түрдө камсыздайт.

Бүгүн Конституциялык палата Токтакуновдун өтүнүчүн карап, сөз болуп жаткан мыйзамдын 12-беренесин Конституцияга каршы келет деп таап, бирок анын себебин кол тийбестиктен ажыратуу процедуралары каралбай калганы менен негиздеди. Токтакуновдун айтымында, ал өз кайрылуусунда кол тийбестикти таптакыр алып салууну өтүнсө, Конституциялык палата "кол тийбестик керек, бирок ага кошуп кол тийбестиктен ажыратуу процедуралары да каралсын" деген мааниде бүтүм чыгарган.

- Конституциялык палата бүгүн татаал чечим чыгарды. Эгер аны жалпак тил менен түшүндүрсөк, ал "экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу процедурасы импичменттин процедурасынан жеңил болбош керек" деген бүтүм чыгарды. "Ал эми ал процедуралады Жогорку Кеңеш аныкташы керек" деп, жоопкерчиликти кыйыр түрдө парламентке жүктөп койду, - деди укук коргоочу.

Мындай чечимге юрист өзү "жоктон көрө жогору" деген баа берди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку сот Текебаевдин ишинин жаңы жагдайларын июлда карайт

Жогорку сот Текебаевдин ишинин жаңы жагдайларын июлда карайт

Кыргызстандын Жогорку соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдөгү лидери, учурда Мирсаид Миррахимов...

УКУК 2019-06-20  14:25

Казакстандагы митингдер маалында төрт миңге жакын киши кармалган

Казакстандагы митингдер маалында төрт миңге жакын киши кармалган

Казакстанда июнь айындагы нааразылык акциялары маалында төрт...

УКУК 2019-06-19  09:59

«Азаттыктын» тажик кызматынын журналисттерине кол салган айдоочу...

«Азаттыктын» тажик кызматынын журналисттерине кол салган айдоочу...

Шохмансур райондук сотунун имараты

Душанбенин Шохмансур райондук соту «Азаттык»...

УКУК 2019-06-19  10:15

Самарканд бийлиги жергиликтүү тургундарды облус башчысынын айылында...

Самарканд бийлиги жергиликтүү тургундарды облус башчысынын айылында...

Өзбекстанда Самарканд облусунун башчысы Эркинжон Турдимов...

УКУК 2019-06-19  10:27

Атамбаевге коюлуп жаткан кинелерди парламенттин эки комитети тең...

Атамбаевге коюлуп жаткан кинелерди парламенттин эки комитети тең...

аны кол тийбестиктен ажыратуу маселесин 18-июнда Жогорку Кеңештин эки комитети...

УКУК 2019-06-19  10:34

Казакстанда митингдер маалында 300гө жакын полиция кызматкери жаракат...

Казакстанда митингдер маалында 300гө жакын полиция кызматкери жаракат...

Казакстанда ушул айдагы нааразылык акциялары маалында 300гө жакын полиция...

УКУК 2019-06-19  11:42

Өзбек бийлиги атайын кызматтын мурдагы башчысы камалганын расмий...

УКУК 2019-06-18  13:26