KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарында 21 – июнь күнү II - Эл аралык бизнес-форум өткөрүлөт

Жалал-Абад шаарында 21 – июнь күнү II - Эл аралык бизнес-форум өткөрүлөт

Жалал-Абад шаарында 21-июнь күнү экинчи жолу Эл аралык бизнес-форум өткөрүлөт. Ага Кытайдан, Россиядан жана Казакстандан инвесторлордун келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Мамасалы Акматов маалымат жыйында билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, ушундай эле Эл аралык бизнес-форум өткөн жылы биринчи жолу өткөрүлүп, анда беш багыт боюнча иш жүрүп, бир нече инвестициялык долбоорлорго кол коюлган.

- Өткөн жылдагы бизнес-форумдун жыйынтыктары боюнча Россиянын Чебаксары шаарынын ири заводу биздин ГЭСтерге жабдууларды ташып жатат. Келишимдин негизинде ГЭСтерге 2-3 жабдууну алып келишти. Андан сырткары, былтыркы жылы түзүлгөн келишимдин негизинде Базар-Коргон районуна Кытай инвесторлору көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча даярдык иштерин жүргүзүп жатышат.Тюмень облусунун шаарларына 2 университетке бюджеттик негизде 30 окууучуга орун берилип, азыркы учурда облустун район-шаарларынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын жөнөтүү боюнча иштер жүрүп жатат, - дейт М.Акматов.

Өкүлдүн 1-орун басары М.Акматовдун айтымында, быйылкы 2-Эл аралык бизнес форум Өкмөттүн “Айыл-чарба продукцияларын сыртка чыгаруу” боюнча программасынын алкагында айыл-чарба продукцияларын сыртка сатуу максатында өткөрүлүп жатат. Ага негизинен Россиядан кызыктар тараптар чакырылган. Форумга алардын келиши күтүлүүдө. Ошондой эле, КР Өкмөт башчысынын биринчи орун басары М.Абулгазиев өзү келип, бизнес-форумду ачып берүүсү программада каралган. КР Айыл-чарба министри, Кытайдын, Россиянын генералдык консулдары Казакстандын консулу чакырылган. Бул бизнес-форум донорлордун (GIZ, ПРООН, USAID, ОБСЕ) жардамы менен өтүп жатат.

“Дыйкандарга аз да болсо шарт түзөлү деген максатта II - Эл аралык бизнес-форумду өткөрүп жатабыз. Облустун дыйкандары ак мээнети менен өндүргөн продукцияларынын баары, кайра иштетүү ишканаларынын бардыгынын продукциялары жарманкеге коюлат. Бизнес-форумдун ачылуу аземи 21-июнда Жалал-Абад шаарынын “Эркиндик” аянтында саат 10.до башталат. Андан кийин, келген коноктор, бардык шаар тургундары жарманке менен таанышып чыгышат. Ал эми түштөн кийин, Кыргыз-түрк балдар лицейинде тегерек столдор өтүп, анда айыл-чарба продукцияларын кантип өстүрүп, аны кантип сатуу керектиги боюнча маселе талкууга алынат. Акырында, форумдун жыйынтыгы чыгарылып, келишимдерге кол коюлат. Каалоочулар үчүн 21-июнь күнү дыйкандардын чыгарган продукцияларын жарманкеден сатып алууга зор мүмкүнчүлүк түзүлөт”, - дейт М.Акматов.

"Көк-Арт Инфо" Маалымат борбору.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38