KELECHEK
rek

“Ас-салам” КФу Жалал-Абадда жалпы жана күйүк адистештирилген оорукана куруп берди (ФОТОРЕПОРТАЖ)

“Ас-салам” КФу Жалал-Абадда жалпы жана күйүк адистештирилген  оорукана куруп берди (ФОТОРЕПОРТАЖ)

Кечээ, 4-октябрь күнү Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында биринчи жолу Кувейттик “Ас-салам” кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен бүткөрүлгөн 35 койкалуу жалпы жана күйүк адистештирилген оорукананын ачылыш аземи болду.

Ачылыш аземге Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, КР ЖК депутаты Музаффар Исаков, КР Азирети муфтийи Максат ажы Токтомушев, “Ас-салам” кайрымдуулук фондунун төрагасы Абдулла Матук ал Матук, фонддун президенти Жасим Алаун, фонддун директору Набил Хамид Алаун, фонддун Кыргызстандагы жетекчиси Нурмухамед Миңбаев жана коомчулук өкүлдөрү, медицина кызматкерлери катышышты.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Кувейттик “Ас-салам” кайрымдуулук фондунун жетекчилерине ыраазычылык билдирип, өкүлчүлүктүн атынан Ардак грамоталарды тапшырды.

- Негизи облустук ооруканада күйүк бөлүмү жок болгонго байланыштуу, биз атайын сурандык эле. Медицина кызматкерлери, жарандар кыйналып жатат деп. Кырсык болуп калса, Ошко же Бишкекке алып барууга туура келчү. “Ас-салам” кайрымдуулук фондунун жетекчилери өздөрү бүткөн имаратты бизге тапшырып берейин деп жаткан учуру.

Ооруканага жалпы суммасы 29 миллион сом сарпталды. Бул да болсо эки мамлекет ортосундагы кызматташтык, достук мамилебиз. “Ас-салам” коомдук фонду бир гана оорукана менен чектелген жок. Биздин облуста бүгүнкү күнгө чейин таза суу, ФАП, бала бакча куруп, жалгыз бой аялдарга үй салып берди жана мечиттерди жаңылашты.

“Ас-салам” КФнун жетекчиси Абдулла Матук ал Матукка жана жалпы фонддун мүчөлөрүнө жалпы облустун элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан, медицина кызматкерлеринин атынан чоң ыраазычылык билдирип кетем! Жакшы имарат элибизге жакшы кызмат кылсын. Дагы бир жолу ыраазычылык билдирем, - деди К.Сатыбалдиев.

Андан кийин, өкүлчүлүктүн Ардак грамоталарын  “Ас-салам” кайрымдуулук фондунун төрагасы Абдулла Матук ал Матук, фонддун президенти Жасим Алаун, фонддун директору Набил Хамид Алаун жана бир катар фонддун мүчөлөрүнө өкүл К.Сатыбалдиев салтанаттуу түрдө тапшырды.

КР Азирети муфтийи Максат ажы Токтомушев да сөз сүйлөп, “Ас-салам” кайрымдуулук фондунун жетекчилерине ыраазычылыгын билдирип, муфтияттын атынан дипломдорду тапшырды.

- Урматтуу, медицина тармагынын кызматкерлери! Сиздерди ушул жакшы курулган имарат менен куттуктайм! Адам баласы оорубасын, адам баласы күйбөсүн! Бирок, алдын ала чара көрүп, Кувейт мамлекетинен сиздерге, элибизге жардам берип, мына жакшынакай кылып оорукана салып берип жатканына бардыгыбыздын атынан ыраазычылык билдиребиз. Жараткан Алла таалага кызмат кылган, бизге жардам берип көмөк көрсөткөн адамдарга ыраазы болуп, дүйнөдө да, акыретте да буларга бактылуулук, ийгилик, жакшылыктарды насип кылсын, - деди муфтий  Максат ажы Токтомушев.

Ошондой эле, “Ас-салам” кайрымдуулук фондунун жетекчилерине ыраазычылык билдирген баракчаларын муфтий  Максат ажы Токтомушев тапшырды.

Мындан сырткары, “Ас-салам” кайрымдуулук фондунун төрагасы Абдулла Матук ал Матук, фонддун президенти Жасим Алаун, фонддун директору Набил Хамид Алаун да сөз сүйлөшүп, бул салынган оорукана элге кызмат кылып, мындан ары эки мамлекет ортосундагы тууганчылык, достук мамиле бекемделе беришине тилектештиктерин билдиришти.

“Ушул сыяктуу долбоорлордун ишке ашышына мүмкүнчүлүк түзүп бергендиктери үчүн бийлик өкүлдөрүнө, баарыңарга ыраазычылык билдиребиз!”, - дешти коомдук фонддун жетекчилери.

Аталган фонддун Кыргызстандагы жетекчиси Нурмухамед Миңбаев өз сөзүндө салынган оорукана кут болсун, бирок ооруган адамдар жок болсун, Кыргыз мамлекети өсүп, өнүксүн деген тилегин билдирди. “Алла таала жакшылыктарын берсин, өсүп-өнүгүүнү насип этсин”. – деди Н.Миңбаев.

Күйүк бөлүмүн куруп берген “Ас-салам” кайрымдуулук фондунун жетекчилерине фонддун Кыргызстандагы жетекчиси Н.Миңбаев кыргыз элинин илгерки атам замандан бери мырзалар пайдаланган баалуу белектерди (жаа, кылыч, ж.б) тапшырды.

Акырында келген коноктор жаңы салынган күйүк бөлүмүнүн ичи менен таанышып чыгышты.

Жалал-Абад облустук ооруканасынын жетекчиси Жаныбек Карабаевдин берген маалыматына караганда, жыл сайын болжолдуу 500дөй бейтапты Ошко жиберишчү. Ошко барып келүү бейтаптырдын эле эмес анын жакындарын да түйшүккө салып келген.

Эми күйүктүн кесепетинен өтө оор учурга кабылганы гана оорулуулар Ошко жиберилбесе, калгандарын жаңы салынган жалпы жана күйүк адистештирилген ооруканада дарылашат. Бөлүмдүн имаратын  курууга 20 миллион сом сарпталса, медициналык жабдыктарды, оорулар үчүн керебеттерди алууга 9 миллион сом кеткен.

Анархан Жаңыбаева, KOGART.KG

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38