KELECHEK
rek

Гүлнара Каримованын кызы Ташкенттен Лондонго учуп кеткени айтылууда

Гүлнара Каримованын кызы Ташкенттен Лондонго учуп кеткени айтылууда

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун небереси, Гүлнара Каримованын кызы Имам Каримова Ташкенттен Лондонго учуп кетти. Бул тууралуу дүйшөмбүдө “Фергана” агенттиги жазды.

"Фергана" мындай бүтүмдү анын Инстаграм аккаунтундагы фотобаянга таянып чыгарган.

Сүрөттөрдүн биринде учуп-конуу талону көрсөтүлгөн. Анда Имам Каримова 28-сентябрда “Өзбек авиалиниялары” аркылуу Лондондогу Хитроу аэропортуна сапар алганынын билүүгө болот.

Учуу алдында аэропорт кызматкерлери Имам Каримованын компьютерин дыкат текшеришкен, буга байланыштуу учак бир жарым саат кеч учкан.

Лондондо Имамдын улуу агасы Ислам Каримов жашайт. Алардын апасы Гүлнара Каримова арам акчаларды адалдоо айыбы менен соттолгон. Ага карата бир нече Европа өлкөлөрүндө да иш козголгон.

Гүлнара Каримова буга чейин Өзбекстан Тышкы иштер министрлигинде иштеп, бизнес менен алектенген. Убагында аны Борбор Азиядагы эң таасирдүү айым деп аташкан. 2012-жылы өзбек бийлиги Каримованын көзөмөлүндөгү телеканал, радиостанцияларды жапкан, кийинчерээк президенттин кызы камалган. Каримова атасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катыштырылган эмес.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...