KELECHEK
rek

Сирия оппозициясы Идлибден кеткендиги тууралуу маалыматты четке какты

Сирия оппозициясы Идлибден кеткендиги тууралуу маалыматты четке какты

Идлиб провинциясындагы качкындар. 25-сентябрь 2018-жыл

Сирия оппозициясы Идлибге жакын жердеги демилитаризацияланган аймактан чыгып кете баштагандыктары тууралуу маалыматы четке какты. Бул тууралуу кечээ DPA агенттиги козголоңчулардын өкүлдөрүнө шилтеме кылып жазды.

«Биз «Файлак аль-Шам» тобу Алеппо провинциясынын түштүк жана батыш бөлүктөрүндөгү позицияларын таштап кеткендиги тууралуу маалыматтарды толугу менен четке кагабыз», — деди түркиячыл «Файлак аль-Шам» тобунун курамына кирген «Бошотуу үчүн улуттук фронттун» командирлеринин бири.

Козголоңчулар лагериндеги башка булактар дагы артка чегинбегендиктерин ырасташты. Идлибге жакын жердеги танктар менен ири калибрдеги курал-жарактар чыгарылып жаткандыгын кечээ эртең менен Сириядагы адам укуктарына көз салуу боюнча мониторинг борбору кабарлаган.

Козголоңчулар отряддары Түркия жана Орусия президенттери Реджеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путиндин жакында Сочиде болгон жолугушуусу маалында жетишилген макулдашуунун негизинде чыгарылмак. Анда тараптар кеңдиги 15-20 чакырымды түзгөн демилитаризацияланган аймактан Асаддын каршылаштарынын бардык оор курал-жарактарын жана куралдуу козголоңчулар отряддарын чыгарууну макулдашкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...