KELECHEK
rek

ЕБ Иран менен эсептешүү үчүн атайын каржы мекемесин түзөт

ЕБ Иран менен эсептешүү үчүн атайын каржы мекемесин түзөт

ЕБ дипломатиясынын башчысы Федерика Могерини

Европа биримдиги америкалык санкцияларды кыйгап өтүп, Иран менен эсептешүү үчүн атайын каржы мекемесин түзөт. Бул тууралуу ЕБдин тышкы саясат боюнча өкүлү Федерика Могерини Нью-Йоркто өткөн Иран менен «өзөктүк келишимге» кол койгон тараптардын жолугушуусунан кийин билдирди.

Улуу Британия, Франция, Германия, Орусия жана Кытайдын өкүлдөрү Тегеран өзөктүк келишимдеги бардык шарттарды аткарып жатканын ырасташты. Мындан тышкары алар Ирандын мунайы менен газынын экспортун колдоо жана ал өлкөдө иш жүргүзгөн бизнестерди коргоо тууралуу макулдашты.

Аталган беш өлкө АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын катышуусу менен 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимди иштеп чыгууга катышкан. Ал келишимге ылайык, Иранга каршы киргизилген санкциялар алынып, Тегеран өзөктүк программасынан баш тартмак. Быйыл май айында Дональд Трамп Иран менен түзүлгөн көп тараптуу өзөктүк келишимден чыга турганын жана Тегеранга каршы киргизилген санкциялар акырындап калыбына келтириле турганын билдирген. Мындан тышкары Вашингтон союздаштарын Ирандан мунай сатып алуудан баш тартууну талап кылган.

Европанын инвестициялык банкы Ирандагы европалык ишканалардын долбоорлорун колдоодон баш тарткан. Күн мурда швециялык Volvo компаниясы Иранда жүк унааларын чогултууну токтото турганын билдирген. Вашингтон тарабынан Иранга карата киргизилген чектөө чараларынан улам Volvo ал өлкөдөн төлөмдөрүн ала албай калган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52