KELECHEK
rek

«Ысык-Көл-Антитеррор-2018» машыгуулары башталды

«Ысык-Көл-Антитеррор-2018» машыгуулары башталды

25-сентябрда КМШга мүчө мамлекеттердин компоненттүү органдарынын “Ысык-Көл-2018” машыгуусу башталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалымат бөлүмү кабарлады.

Анын жүрүшүндө “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан барымтага алынган учакты кондурууга мажбурлоо, тероррчулардын иш-аракеттерине бөгөт коюу жана барымтага алынгандарды бошотуу боюнча терроризмге каршы операциясы аткарылды. Аны УКМКнын, куралдуу күчтөрдүн башкы штабы, ИИМдин атайын бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүздү.

Мындан сырткары ӨКМдин бөлүмдөрү теракт кесепеттерин минималдаштыруу иш-аракеттерин өткөрүштү. Анын алдында террорчулукка каршы машыгуулардын алкагында Чолпон-Атада жыйын өттү.

26-сентябрда “Эдельвейс” полигонунда Кыргызстандын чек арасы аркылуу келген мыйзамсыз куралданган террористтерди жок кылуу боюнча аскер операциясы өткөрүлөт. Анда Кыргызстандын жана Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн авиациялык тобу катышат.

Машыгуу 2017-2019--жылдарга карата түзүлгөн терроризм жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрү менен күрөшүү боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин кызматташуу программасына ылайык өтүп жатат. Ага Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикистан жана Өзбекстандын күч кызматтарынын өкүлдөрү катышууда. Машыгуулардын биринчи этабы ар бир өлкөнүн өзүндө өткөн.

КМШга мүчө мамлекеттердин компоненттүү органдарынын биргелешкен терроризмге каршы машыгуулары Кыргызстанда үчүнчү жолу өтүп жатат. Буга чейин 2001-жылы Ош шаарында, 2013-жылы Бишкек шаарында өткөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53