KELECHEK

Ферганада студенттер окутуучуну уруп-согууга айыптоодо

Ферганада студенттер окутуучуну уруп-согууга айыптоодо

Фергана университетинин аскердик билим берүү факультетинин студенттери окутуучу Шахоб Тилаволдиев “кызыл камчы” экенин билдиришүүдө.

Аскердик билим берүү факультетинин 2-курсунун студенттери “Азаттыктын” өзбек кызматына отставкадагы полковник Шахоб Тилаволдиев балдарды сөзүп, уруп жатканы тартылган видеону жөнөтүшкөн.

– Тилаволдиев бизди күн сайын сабайт. Ал студенттерге камактагы кишилердей мамиле жасайт. Апаларыбызды сөгөт. Сабакка кечигип келгенибиз үчүн сөгүш жарыялап же эскертүү берсе таарынмак эмеспиз. Бирок эмне үчүн ал дайыма бизди каарып, сабай берет? Такыр аябайт. Таяктан тажап, бул видеону жашыруун тартууга аргасыз болдук, – деди студенттердин бири.

“Видеонун каарманы” студенттерди сөккөнүн мойнуна алып, бирок эч качан кол көтөрбөгөнүн билдирди.

Таяк жеген студенттердин ата-энелери окуу жайдын жетекчилигине даттанышты. Ректор Равшан Максудов мугалимге эскертүү берилгенин айтты. Ал университетте жүрүп жаткан аттестациядан кийин окутуучулардын 80-90 пайызы жаңыланарын кошумчалады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Самаркандда дарыгерлердин «катасынан» улам келин чоочун наристенин...

Самаркандда дарыгерлердин «катасынан» улам келин чоочун наристенин...

Быйыл 28-февралдан 1-мартка чейин Самарканддын облустук перинаталдык борборунда беш наристе чарчап...

УКМК: ЖЭБ ишине Атамбаевдин катышы тергелип жатат

УКМК: ЖЭБ ишине Атамбаевдин катышы тергелип жатат

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу...

Ошто казиного уттурган жигит муунуп өлдү

Ошто казиного уттурган жигит муунуп өлдү

Иллюстрациялык сүрөт

Мындан бир ай мурун Оштогу «Делюкс» мейманканасында жайгашкан...

Подмосковьеде 11 жаштагы кыздын өзбекстандык мигранттан боюна бүтүп...

Подмосковьеде 11 жаштагы кыздын өзбекстандык мигранттан боюна бүтүп...

Подмосковьеде 47 жаштагы өзбек жараны 4-класстын окуучусу менен бир нече жолу...

Кыргыз паспортун мыйзамыз жасагандар кармалды

Кыргыз паспортун мыйзамыз жасагандар кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстандын жасалма паспортторун даярдоо жана...