KELECHEK
rek

АКШ: Орусия Сирия жана Украинада "пайдалуулугун" көрсөтө алган жок

АКШ: Орусия Сирия жана Украинада

АКШ президенти Дональд Трамп Москва менен мамилелерди жакшыртууга умтулганына карабастан, Орусия Украина жана Сирия маселесинде өзүнүн “пайдалуулугун” далилдей алган жок. Бул тууралуу АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео NBC телеканалына берген маегинде билдирди.

"Президент эки тараптуу мамилелерди өзгөртүүгө аракет жасоодо, бирок биз азыркы кезде бул маселе боюнча ийгиликке жете алган жокпуз", – деди мамлекеттик катчы.

Ал айрым маселелерде Орусия менен АКШнын кызыкчылыктары дал келгени менен, эки өлкөнүн баалуулуктары таптакыр бөлөк бойдон калганын кошумчалады.

Америкалык дипломатия башчысынын билдирүүсү Мамдепартамент санкциялык тизмеге орусиялык 33 жеке жана юридикалык жакты кошуп, андан тышкары Орусиядан Су-35 жана С-400 зениттик-ракеталык комплекстерди сатып алганы үчүн Кытайга чектөө киргизгенден кийин жарыяланды.

“Кара тизмеге” Орусия атайын кызматтары менен байланышы бар жарандар киргизилгени белгиленүүдө. Алардын арасында чалыгындоо офицерлери жана “Интернет-иликтөө агенттигинин” кызматкерлери бар. Атайын прокурор Роберт Мюллер буга чейин аларга АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүү боюнча расмий түрдө айып таккан. Мындан тышкары "Оборонлогистика" ишканасы жана Комсомольск-на-Амуре калаасындагы авиациялык завод да санкциялык тизмеге киргизилди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52