KELECHEK
rek

Зууракан Каденова кызматынан бошотулду

Зууракан Каденова кызматынан бошотулду

Зууркан Каденова

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Каденова Зууракан Ажимаматовна Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Буга чейин Зууракан Каденова Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын аэропортунан учакка мас абалында кирип, ызы-чуу чыгарганы кабарланган. Бул тууралуу алгач Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова өзүнүн баракчасына жазып чыккан.

Кийин "Азаттыкка" бул маалыматты Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов ырастаган.

Анын айтымында, мамлекеттик кызматкер учакка мас абалында кирип, чыр чыгарган. Экипаж анын айынан бардык жүргүнчүлөрдү түшүрүүгө аргасыз болуп, рейс бир нече убакытка кечиккен.

- Биздин элчиликке аэропорттон дипломатиялык паспорту бар жараныбыз самолеттон чыр чыгарып, түшпөй мас абалында жүрөт деген маалымат келди. Биздин консул бир кызматкер менен чогуу аэропортко барды. Бир-эки сааттай убакытта жетишти. Учактан чыкпай койгону үчүн элдин баарын түшүргөнгө аргасыз болушуптур. Жүргүнчүлөрдү кайра башынан каттоодон өткөрүшүптүр. Учак кечигүү менен учуп кетти. Ал айым өзүнө келе элек. Мен ага мейманканада эс алып, эртең учуңуз деп сунуштадым, бирок ал "мен бүгүн кетишим керек" деп жатыптыр. Air Astana аны "кара тизмеге" киргизиптир. Ошол себептүү азырынча башка авиакомпаниялардан билет табылбай жатат. Биздин маалымат боюнча ал дагы башка эки кызматкер менен Сеулга окууга келген, -деди Султанов.

Ал арада президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева билдирүү таратып, сөз болуп жаткан кызматкер "президент Сооронбай Жээнбековдун жээни" деген маалыматты жокко чыгарды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12