KELECHEK
rek

"Коопсуз шаарды" орусиялык компания ишке ашырат

“Коопсуз шаарды” ишке ашыра турган компания аныкталды. Бул тууралуу өкмөттө өткөн жыйында белгилүү болду. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ачык аукциондун жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрдү.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин айтымында, сынактын жеңүүчүсү деп Орусиянын «Вега» радиоуктуруу концерни» компаниясы таанылды. Андан тышкары аукционго дагы эки компания катышкан.

«Долбоорду ишке ашыруу наркы 2 млрд 320 млн сом суммасында аныкталган, бул баштапкы баадан 230 млн сомго аз. «Вега» биринчи лот боюнча 1,125 млрд сом, экинчи лотто 1,195 миллиард сом сунуштаган. Аудитордук текшерүүдөн кийин компания каражатты кепилдик төлөм катары которуп берүүгө тийиш болот» деди Шаршембиев.

Өкмөт башчы бардык зарыл процедураларды кыска мөөнөттө аяктоону жана долбоорду ишке киргизүүгө зарыл ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну тездетүүнү тапшырды.

Өкмөттүн коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыз кылууну көздөгөн "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу аракети бир нече жылдан бери аткарылбай келет. Буга чейин үч жолу сынак өтүп, Кытайдын жана Орусиянын компаниялары утканы айтылган, бирок иш андан ары ордунан жылган эмес. Тараптардын талаш-тартышы сотко чейин жеткен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38