KELECHEK
rek

Орусияда киши өлтүрүүгө айыпталган өзбек мигранты 23 жылга кесилди

Орусияда киши өлтүрүүгө айыпталган өзбек мигранты 23 жылга кесилди

Ленинград облусунун Ломоносов райондук соту өзбекстандык 25 жаштагы Зухриддин Буриевди 23 жылга түрмөгө кести. Өзбек миранты  60 жаштагы жергиликтүү жашоочуну зордуктап, өлтүрүү боюнча күнөөлүү деп табылды.

Маркумдун сөөгү 2017-жылы 23-сентябрда автоунаанын багажынан табылган.

​Орусия Тергөө комитетинин Ленинград облусу боюнча маалымат катчысы Юлия Матолыгина билдиргендей, Буриев айыптоолорду четке какпай, күнөөсүн мойнуна алган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча Буриев былтыр 23-сентярда 60 жаштагы аялга ал дачасы үчүн токойдон отун терип жүргөн маалда кол салган. Мигрант улгайган аялды зордуктап, кулагынан алтын сөйкөлөрүн жулуп алып, мыкаачылык менен өлтүргөн. Андан соң ал маркумдун автоунаасына сөөктү салып, далилдерди жок кылуу үчүн кылмыш болгон жерден кеткен.

Ольга Точеная телефондук чалууларга жооп бербегенден кийин аны күйөөсү жана баласы издеп баштаган. Жолдо тааныш машинаны көрушүп, кууп жөнөшкөн. 25 жаштагы Зухриддин Буриев унааны башкара албай, аварияга кабылып, полиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Автоунааны текшерүү учурунда багаждан 60 жаштагы аялдын сөөгү, таш, аркан жана күрөк табылган.

Зухриддин Буриев жазасын катаал режимдеги колонияда өтөйт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...