KELECHEK

Алматы кинофестивалынын гран-приси «Хрусталь» тасмасына берилди

Алматы кинофестивалынын гран-приси «Хрусталь» тасмасына берилди

19-сентябрда аяктаган Эл аралык Алматы кинофестивалынын гран-присин Беларус, Орусия, Германия жана АКШ кинематографисттеринин «Хрусталь» тасмасы утуп алды. Тасмада Минсктин Веля аттуу жашоочусунун 1990-жылдардагы окуясы тууралуу баяндалат.

Сыйлыкты тасманын продюсерлеринин бири Валерий Дмитроченкого сынактын калыстар тобунун төрагасы, орусиялык кинорежиссер жана сценарист Сергей Бодров тапшырды.

Бул «Хрусталь» тасмасынын алгачкы сыйлыгы эмес. Быйыл июлда Эл аралык IX Одесса кинофестивалында «Золотой Дюк» гран-присин, ошондой эле орус кинолорунун «Европага ачылган терезе» аттуу 26-фестивалында баш байгени утуп алган.

Жалпысынан Алматы кинофестивалынын негизги сынагына он тасма катышкан. Алардын бири казакстандык режиссер Адилхан Ержановдун «Дүйнөнүн мемиреген көңүл коштугу» деген эмгеги болду. Тасма беш номинациянын бири болгон калыстар тобунун атайын сыйлыгын утуп алды.
Эл аралык Алматы кинофестивалы алгачкы жолу уюштурулуп, 15-19-сентябрь күндөрү өттү.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

«Евровидение-2019» сынагында нидерланд ырчысы Дункан Лоуренс жеңди

«Евровидение-2019» сынагында нидерланд ырчысы Дункан Лоуренс жеңди

Нидерланд ырчысы Дункан Лоуренс

Тель-Авивде өткөн...

МАДАНИЯТ 2019-05-20  11:27

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз улуттук академиялык жана...

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз улуттук академиялык жана...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-майда, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз...

МАДАНИЯТ 2019-05-07  16:58

МАДАНИЯТ 2019-04-29  16:32

“Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору” ачылыш аземи болду (ФОТО)

“Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору” ачылыш аземи болду (ФОТО)

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 20-апрелде, “Ош – түрк дүйнөсүн маданий...

МАДАНИЯТ 2019-04-21  12:46

Түрк киноактёру Ташкенттин бай аялдары менен тамактангандыгы үчүн 379...

Түрк киноактёру Ташкенттин бай аялдары менен тамактангандыгы үчүн 379...

Белгилүү түрк киноактёру Бурак Озчивит Ташкентте олигархтардын...

МАДАНИЯТ 2019-02-22  05:05

Кыргызстандыктар «Ак шоола» сериалынын сюжетине нааразы болушууда

МАДАНИЯТ 2019-02-11  12:46