KELECHEK

Казакстан Кыргызстандын ТИМинин нотасын карады

Казакстан Кыргызстандын ТИМинин нотасын карады

Алматынын аэропортунда кыргызстандыктарды текшерүү күчөгөнү тууралуу Кыргызстандын нотасы боюнча Казакстандын Тышкы иштер министрлиги менен Чек ара кызматынын жооптуу жетекчилери атайын кеңешме өткөргөн.

Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушууда Казакстандын Бишкектеги элчиси Карим Кокрекбаев билдиргенин министрлик кабарлады.

Казак элчиси ошондой эле кыргыз тарапка расмий Астананын жооп нотасын тапшырган, бирок анын мазмуну жарыяланган жок.

Казакстандын Бишкектеги элчиси Тышкы иштер министрлигине 4-сентябрда чакыртылган. Буга, министрлик билдиргендей, “Алматынын эл аралык аэропортунда Казакстандын компетенттүү органдарынын кыргызстандыктарды системалуу түрдө ашыкча текшерип жатканы” себеп болгон.

Ага дейре быйыл май айында да Кыргызстандын ТИМи Казакстанга нота жолдогон. Казак тарап анда текшерүүлөрдүн күчөшүн “эл аралык террордук топтордун мүчөлөрү менен аларга көмөктөшкөндөрдү” аныктоо иши менен байланыштырган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бишкек» Эркин экономикалык аймагына...

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бишкек» Эркин экономикалык аймагына...

«Атамекендик товарларды чет өлкөлөрдүн рынокторуна чыгаруу — маморгандар менен бизнестин...

CАЯСАТ 2019-08-16  02:40

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Коопсуздук...

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Коопсуздук...

Бүгүн, 8-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында...

CАЯСАТ 2019-08-08  10:06

Президент: Атамбаев мыйзам талаптарын одоно бузду

Президент: Атамбаев мыйзам талаптарын одоно бузду

Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн 8-августта Коопсуздук...

CАЯСАТ 2019-08-08  12:17

Президент Сооронбай Жээнбеков эмгек өргүүсүн токтотту

Президент Сооронбай Жээнбеков эмгек өргүүсүн токтотту

Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков эмгек өргүүсүн мөөнөтүнөн мурда токтотуп,...

CАЯСАТ 2019-08-07  23:47

Кыргызстанда 2020-жылды Орусия жылы деп жарыялоо пландалып жатат

CАЯСАТ 2019-08-05  20:11

Ворухта Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин жолугушуусу...

Ворухта Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин жолугушуусу...

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон иш сапарынын алкагында чек ара чыр чатактары...

CАЯСАТ 2019-07-15  19:00

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Премьер-министри Аскар...

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Премьер-министри Аскар...

Кыргыз Республикасынын Президенти...

CАЯСАТ 2019-07-13  18:27