KELECHEK
rek

Түндүк Корея башкы өзөктүк комплексин бузууга даяр

Түндүк Корея башкы өзөктүк комплексин бузууга даяр

Эгер АКШ быйыл июнда жетишилген макулдашууларды аткарса, анда Түндүк Корея өлкөнүн эң башкы өзөктүк комплексин бузууга даяр. Бул тууралуу Ким Чен Ын Түндүк жана Түштүк Корея лидерлеринин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи күнүнүн жыйыныгы тууралуу айтып жатып билдирди.

Ким Түштүк Корея президенти Мун Чжэ Ин менен жолуккандан кийин «Биз Корей жарым аралын өзөктүк куралсыз, тынч жана эркин кылабыз деп макулдаштык», – деп билдирди.

АКШнын президенти Дональд Трамп Твиттерге бул жолугушуунун жыйынтыктарын кубаттаган билдирүү жазды.

Эки Корея лидерлеринин ортосундагы үчүнчү саммиттин жыйынтыгы менен тараптар бир нече макулдашууга жетишти. Аларга ылайык, аскердик чыңалууну азайтуу үчүн эки өлкөнүн ортосунда буфердик аймактар түзүлүп, 11-декабрга чейин демилитаризацияланган аймактагы 11 кайтаруу посту жабылат.

Мындан тышкары демаркацияланган аскердик чийиндин үстүндө учуусуз аймак түзүлөт. Ал учактарга, тик учактарга жана дрондорго тиешелүү болот. Ошондой эле Түндүк менен Түштүк Корея 2032-жылкы жайкы Олимп оюндарын өткөрүүгө чогуу билдирме жөнөтүшөт. Ошол эле маалда жолугушуу маалында эки өлкө лидердери Түндүк Кореядагы адам укуктарынын абалы тууралуу сөз кылышкан жок.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52