KELECHEK
rek

Сауд Арабия Кыргызстанда мектептерди салат

Сауд Арабия Кыргызстанда мектептерди салат

Мамлекеттик мектептердин курулушун каржылоо жөнүндөгү макулдашууну Сауд өнүктүрүү фонду менен Кыргызстандын өкмөтү былтыр май айында кабыл алышкан. Бул боюнча мыйзамды ошол эле жылдын июнь айында Жогорку Кеңеш ратификациялап, июлда ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Макулдашууга ылайык, аталган фонд Кыргызстанга 30 млн. доллар же жергиликтүү валютага чакканда 2,1 млрд сом жеӊилдетилген насыя бөлмөк. Өкмөт бул каражатка 2019-жылга чейин өлкөнүн ар кайсы аймактарында 16 мектеп салууга убада берген. Бирок дээрлик бир жылдан бери акча да түшкөн жок, мектептердин курулуштары да баштала элек.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин кызматкери Токтомамат Зикирбаев келе турган каражатка мурда пландалгандай 16 мектеп эмес, 27 мектеп курула турганын, бул кеңешүү менен чечилгенин айтты.​

- Буга Сауд өнүктүрүү фонду деле макулдук берген. Алар биз жумушту баштаарыбыз менен акчаны которушат. Мектептер ар бир облуста курулат. Алгач 16 мектепке тендер жарыялап, ишти баштайбыз. Алардан ашкан акчага калган мектептерге жетээрлик кылып бөлүштүрөбүз, - деди Зикирбаев.

Сауд өнүктүрүү фонду каржылачу мектептерге тендерлер жыл аягына чейин жарыяланышы мүмкүн.

Бул маселе боюнча кененирээк комментарий алуу үчүн Сауд өнүктүрүү фонду менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Мекеменин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жок болгондуктан Сауд Арабиясынын Бишкектеги элчилигине кайрылып, бирок жоопсуз калдык.

Мектептердин курулушун каржылоо долбооруна бөлүнгөн 30 млн долларлык каражат Кыргызстанга жеңилдетилген насыя катары берилет. Муну Кыргызстан бир пайыздык үстөк менен 25 жыл мөөнөт ичинде төлөп бүтүш керек. Насыяны төлөө 2022-жылдардан башталат.

Сауд өнүктүрүү фонду мындан сырткары ушундай эле шартта Кыргызстанда заманбап балдар ооруканасын курууга да 30 млн. доллар көлөмүндө насыя бөлгөнү турат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30